# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 64-б (2010-жылдагы июнь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин кызматкерлеринин -камсыздандырылган жарандардын пенсиялык укуктарын сактоо чаралар жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 64-б (2010-жылдагы июнь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин кызматкерлеринин -камсыздандырылган жарандардын пенсиялык укуктарын сактоо чаралар жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 64-р
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14265/edition/619543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 64-б (2010-жылдагы июнь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин кызматкерлеринин -камсыздандырылган жарандардын пенсиялык укуктарын сактоо чаралар жөнүндө) буйругу (27.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214347

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 27-февралы № 64-б 2010-жылдагы июнь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткан жана 2010-жылдын 19-июнундагы № 77 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин алкагында мамлекеттик колдоо алган ишкердик субъекттеринин кызматкерлеринин -камсыздандырылган жарандардын пенсиялык укуктарын сактоо максатында:

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңешке Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген реестрлерге кирген жеке жана юридикалык жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2010-жылдын 1-июнунан 2012-жылдын 31-декабрына чейинки карыздарын камсыздандыруу төгүмдөрүн шарттуу төлөө суммаларынын көлөмүндө каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу боюнча маселени карап чыгуу сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген реестрлерге кирген жеке жана юридикалык жактардын камсыздандыруу төгүмдөрүн шарттуу төлөө суммаларынын көлөмүнүн ордун толтуруу үчүн каражаттарды караштырсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү менен финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
