# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 57-б (КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн жумуш күнүн белгилөө жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 57-б (КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн жумуш күнүн белгилөө жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 57-р
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14260/edition/619365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 57-б (КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн жумуш күнүн белгилөө жөнүндө) буйругу (27.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214342

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 27-февралы № 57-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн 2015-жылдын 28-февралы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсация төлөнгөн жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын банк-агенттерине 2015-жылдын 28-февралын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
