# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-февралындагы № 43-б ( 2015-жылдын 24-26-февралында Женева шаарында (Швейцария) өтө турган БУУнун аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитетинин 66-сессиясында Аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу тууралуу БУУнун Конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-февралындагы № 43-б ( 2015-жылдын 24-26-февралында Женева шаарында (Швейцария) өтө турган БУУнун аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитетинин 66-сессиясында Аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу тууралуу БУУнун Конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 43-р
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14242/edition/615661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-февралындагы № 43-б ( 2015-жылдын 24-26-февралында Женева шаарында (Швейцария) өтө турган БУУнун аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитетинин 66-сессиясында Аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу тууралуу БУУнун Конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы жөнүндө) буйругу (17.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214324

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 17-февралы № 43-б 2015-жылдын 24-26-февралында Женева шаарында (Швейцария) өтө турган БУУнун аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитетинин 66-сессиясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 токтому менен жактырылган Аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун Конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасын берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын делегациясынын Женева шаарына (Швейцария) баруусу жана келүүсү менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.

3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Женева шаарына (Швейцария) баруусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Тиркеме 2015-жылдын 24-26-февралында Женева шаарынла (Швейцария) өтө турган БУУнун аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитетинин 66-сессиясында Аялдарга карата кодулоонун бардык формаларын жоюу тууралуу БУУнун Конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчу мезгилдүү баяндамасын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы

Куйкеев Э.А. (\*)

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары, расмий делегациянын жетекчиси;

Ешходжаева А.С.

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги;

Искакова Г.Т.

- Кыргыз Республикасынын Швейцария конфедерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);

Осмонова А.С. (\*)

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кеңешчиси;

Бейшеева Н.Д. (\*)

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы;

Аманжолова К.Б. (\*)

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамдан келип чыгуучу актылардын долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси.

(\*) Иш сапар чыгымдары эл аралык уюмдардын эсебинен төлөнөт.
