# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы № 39-б (Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы № 39-б (Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 39-р
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14234/edition/614382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы № 39-б (Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө) буйругу (16.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214316

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 16-февралы № 39-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программаны өз убагында ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- 2015-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үчүн 80 (сексен) млн сом өлчөмүндө жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн 20 (жыйырма) млн сом өлчөмүндө кошумча каражатты тапсын;

- «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бөлүнгөн 80 (сексен) млн сомду тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы жер үстүндөгү эфирдик санариптик берүү телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетине кирген телеберүү уюмдарын техникалык жактан модернизациялоого жумшасын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги менен бирге приставкалардын (ресиверлердин) техникалык мүнөздөмөсүнө коюлган талаптарды аныктасын;

- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кийин Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин балансына өткөрүп берүү менен приставкаларды (ресиверлерди) сатып алуу жана аларды жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн 20 (жыйырма) млн сом жумшасын.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги приставкаларды (ресиверлерди) Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарында жашаган социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө, региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

\\ Тиркеме Кыргыз Республикасындагы жер үстүндөгү эфирдик санариптик берүү телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетине кирген телеберүү уюмдарынын тизмеси

№

Социалдык пакеттин

Социалдык

Бөлүнүүчү

телеканалына ээлик

пакеттеги

сумма,

кылган

телеканалдардын

(млн сом)

телерадиоуюмдар

тематикалык багыты

1

Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК)

Коомдук-маалыматтык

5,714

2

Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР» телерадиоберүү компаниясы

Коомдук-маалыматтык

5,714

3

«МИР» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниянын улуттук филиалы

Коомдук- маалыматтык

5,714

4

«5-канал» жабык акционердик коому

Коомдук-маалыматтык

5,714

5

Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК )

Балдар-өспүрүмдөр телеканалы «Баластан»

5,714

6

Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК

Маданий-агартуучу телеканал «Маданият»

5,714

7

«Пирамида медиа-холдинг» жоопкерчилиги чектелген коому

Социалдык телеканал

5,714

8

Баткен облустук

Региондук

5,714

телерадиокомпаниясы

коомдук-

9

Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы

маалыматтык телеканал

5,714

10

Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы

(Социалдык пакеттеги 1

5,714

11

Нарын облустук телерадиокомпаниясы

телеканал)

5,714

12

Талас облустук телерадиокомпаниясы

5,714

13

Чүй облустук «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясы

5,714

14

«Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы

5,718

Бардыгы

80,0
