# КР Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 (КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналыштарына даярдык көрүү жaнa 2016-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 (КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналыштарына даярдык көрүү жaнa 2016-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14228/edition/888850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 (КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналыштарына даярдык көрүү жaнa 2016-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214310

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2015-жылдын 6-февралы ПБ № 22 (КР Президентинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы ПБ № 324, 2018-жылдын 19-июнундагы ПБ № 142 буйруктарынын редакцияларына ылайык) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналыштарына өз учурунда даярдык көрүүнү жана 2016-жылы Кыргыз Республикасында ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыз кылуу максатында:

1. (КР Президентинин 2018-жылдын 19-июнундагы ПБ № 142 буйругуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Президентинин 2018-жылдын 19-июнундагы ПБ № 142 буйругуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2018-жылдын 19-июнундагы ПБ № 142 буйругуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Бишкек - "Манас" аэропорту автожолун реконструкциялоо үчүн зарыл каржылоону бөлүү маселесин иштеп чыксын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесине "Кабыл алуу үйү" имаратын куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү маселесин иштеп чыксын;

- Бишкек - "Манас" аэропорту автожолун реконструкциялоонун долбоордук-сметалык документтерин 2015-жылдын 1-апрелине чейин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин;

- "Кабыл алуу үйү" имаратын өз учурунда долбоорлоону, курууну жана эксплуатацияга берүүнү, ошондой эле Бишкек - "Манас" аэропорту автожолун реконструкциялоону камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- ушул буйруктан келип чыккан башка иш-чараларды ишке ашырсын.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:

- "Кабыл алуу үйү" имаратын долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесин башкы заказ берүүчү катары аныктасын;

- "Кабыл алуу үйү" имаратын долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасын башкы подрядчы катары аныктасын;

- уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу, усулдук жана башка жагынан камсыз кылсын.

(КР Президентинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы ПБ № 324 буйругунун редакциясына ылайык)

6. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги техникалык, архитектуралык-пландаштырылган шарттарды кошо алганда, "Кабыл алуу үйү" имаратын долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү уруксаттарды берүүнү камсыз кылсын.

7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев

Тиркеме Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналыштарына даярдык көрүү жана 2016-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри; Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын кол башчысы; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча).
