Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (КР Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатикалык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттү визаларды алуу зарылдыгынан бошотуу жөнүндө) буйругу.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 15-январындагы № 4-б Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын жарандарынын - дипломатиялык паспортторунун ээлеринин өз ара барып-келүү режимин тартипке салуу максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визаларды алуу зарылдыгынан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визаларды алуу зарылдыгынан бошотуу жөнүндө макулдашуу
Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтү, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү каалап, достук мамилелерди чындоодогу кызыкчылыкты көңүлгө алып жана дипломатиялык паспорттору бар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жарандарынын экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына барып-келүүлөрүн жеңилдетүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1- берене Жарактуу дипломатиялык паспорттору бар жана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында аккредитацияланбаган бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жарандары биринчи кирген күндөн тартып жүз сексен (180) күндүн ичинде 90 күнгө чейинки мезгилге (бир же бир нече мезгилдин алкагында) экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, транзит менен өтүү, болуу жана чыгуу үчүн визалык талаптардан бошотулушат. Кыргыз жарандары - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн токсон (90) күндүк эсеп Шенген мейкиндигине биринчи кирген күндөн тартып башталат. 2- берене Ушул Макулдашуу экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык паспорттору бар мүчөлөрүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алуучу мамлекетте аккредитациялоо үчүн виза алуу зарылдыгынан бошотпойт. Жогоруда аталган адамдар аккредитациялангандан кийин алар аккредитацияланган мөөнөттүн ичинде кабыл алуучу мамлекеттин аймагына визасыз кирип, транзит менен өтүп, болуп же чыга алышат. 3- берене Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде эскерилген дипломатиялык паспортторго ээ болгон ар бир Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин жарандары мамлекеттер аралык каттам үчүн ачылган каалаган мамлекеттик чек арадан өтүү пункттары аркылуу экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирип же чыга алышат. 4- берене Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын ар биринин мамлекеттеринин бул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде эскерилген жарандарынын кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмелерин өзгөртпөйт. 5- берене Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул Макулдашууга ылайык болуусу ылайыксыз деп таанылган адамдардын кабыл алуучу мамлекеттин аймагына кирүүсүнөн же жүрүүсүнөн баш тартуу укугун өзүнө сактап калат. 6- берене Макулдашуучу тараптардын ар бири улуттук коопсуздукту же коомдук тартипти камсыздоо максатында ушул Макулдашуунун колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотуп туруу укугун өзүнө сактап калат. Экинчи Макулдашуучу тарап дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө мындай чечим күчүнө кирген учурдан тартып жетимиш эки (72) сааттын ичинде кабарланат. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото туруу бул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде эскерилген, кабыл алуучу тараптын аймагында жүрүшкөн жарандардын укуктарына таасирин тийгизбейт. 7-берене Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып отуз (30) күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу колдонулуудагы дипломатиялык паспорттордун үлгүлөрүн алмашат. Жаны дипломаттык паспорттордун үлгүлөрү киргизилген же болбосо колдонулуудагы дипломаттык паспорттор өзгөртүлгөн учурда Макулдашуучу тараптар жаңы дипломаттык паспорттор же өзгөртүүлөр күчүнө кирген күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде мындай паспорттордун үлгүлөрүн алмашат. 8- берене Ушул Макулдашууга Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу жана ушул Макулдашуунун 11-беренесинде баяндалган тартипке ылайык күчүнө кирүүчү кошумча Протоколдор же Вербалдык ноталарды алмашуу аркылуу таризделет. 9- берене Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келип чыккан ар кандай кайчы пикир же талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар боюнча Макулдашуучу тараптардын ортосунда консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. 10- берене Ушул Макулдашуунун жоболору Италиянын Европа союзуна катышуусунан келип чыгуучу милдеттенмелерди, ошондой эле Макулдашуучу тараптардын мамлекеттери мүчө болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарууга чыгым келтирбейт. 11- берене Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Макулдашуучу тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып отузунчу күнү күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын бири аны бузганга чейин аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт; ал бир Макулдашуучу Тарап дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Макулдашуучу тараптан анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып үч (3) ай өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот. ___________ шаарында 201___-жылдын "____" _________, эки түп нускада, ар бири кыргыз, Италия, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Макулдашуучу Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
За Правительство Кыргызской Республики
За Правительство Итальянской Республики
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.