Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министринин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредитациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 26-январы № 12 Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн иши жөнүндө калктын маалыматка ээ болуусун жакшыртуу, ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисггерин аккредитациялоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери үчүн "Өкмөттүк кабарчы" күбөлүгүн даярдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасына жүктөлсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр
Н.С. Момуналиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредитациялоо эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредитациялоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) жалпыга маалымдоо каражатынын (мындан ары - ЖМК) журналисттерин аккредитациялоо тартибин аныктайт.
2. Өкмөттүн Аппаратында жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредитациялоо (мындан ары - аккредитациялоо) Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү (мындан ары -Маалыматтык бөлүм) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр менен, же анын тапшырмасы боюнча карамагына коомчулук менен байланыш түзүү ишин уюштуруу маселеси кирген анын орун басары менен макулдашуу аркылуу ишке ашырылат.
3. Аккредитациялоо Кыргьп Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө", 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомдоруна жана ушул Эрежеге ылайык ишке ашырылат.
2. Аккредитациянын түрлөрү
4. Өкмөттүн Аппаратында аккредитациялоо туруктуу жана бир жолку болуп бөлүнот.
5. Бир жолку аккредитациялоо Өкмөттүн Аппаратында өткөрүлүүчү алдын ала пландалган, алдын ала пландалбаган жана башка иш-чараларды өткерүү үчүн ишке ашырылат.
6. Бир жолку аккредитациялоо Өкмөтт^н,. Аппаратында туруктуу аккредитациялоого ээ болбогон ЖМКньш өкүлдёрүнө жайылтылат. Бир жолку аккредитациялоо ЖМКнын окүлдөрүнөн түшкөн арыздардын негизинде жеке тизме менен Маалыматтык белүмдүн кароосу боюнча ишке ашырылат.
7. Өкмөттүк кабарчы катарында туруктуу аккредитациялоо Өкмөттүн ишин чагылдырган ЖМКнын журналисттерине эки жылдык меөнөткө жайылтылат.
Өкмөттүн Аппаратында өкмөттүк кабарчы катарында журналисттерди аккредитациялоого өтүнменү Маалыматтык бөлүмдүн сунушу боюнча Аппарат жетекчиси тарабынан аныкталып, бекитилген квоталардын чегинде ЖМКлар берет.
8. "Өкмөттүк кабарчы" аккредитациялык күбөлүгүнүн үлгүсү Аппарат жетекчиси тарабынан бекитилет.
Аккредитациялык күбөлүк Маалыматтык белүм тарабынан ЖМКлар аркылуу Өкмөттүн Аппаратына берилген жазуу жүзүндөгү өтүнмөнүн негизинде берилет. "Өкметтүк кабарчы" аккредитациялык күбөлүгү Аппарат жетекчисинин колу жана Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Өкметтүн Аппаратынын имаратына "Өкмөттүк кабарчы" аккредитациялык күбөлүгү жана ЖМКнын журналистинин редакциялык күбөлүгү болгондо киргизилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын имаратына кирүүдө техникалык каражаттарды - ЖМКнын үн жазуучу, тартуучу жана жарык берүүчү аппаратураларын кароо ишке ашырылат.
9. "Өкмөттүк кабарчы" күбелүгү жоголгон, уурдалган жана жараксыз абалга келген учурда ЖМКнын жетекчилиги же аккредитацияланган журналист үч иш күнүнүн ичинде жазуу жүзүндө Маалыматтык бөлүмгө тийиштүү билдирүү жиберет.
Келип түшкөн билдирүүнүн негизинде аккредитацияланган күбөлүк жокко чыгарылат. Аккредитацияланган күбөлүктү калыбына келтирүү маселеси Аппарат жетекчиси тарабынан каралат.
3. Туруктуу аккредитация берүүнүн тартиби
10. Маалыматтык бөлүм Өкмөттүн Аппаратында туруктуу аккредитациялоонун эрежелери жана мөөнөтү же кайрадан аккредитациялоо женүндө ЖМКларга маалымдайт.
11. Туруктуу аккредитациялоо жөнүндө маселени кароо үчүн Маалыматтык бөлүмге төменкү документтер берилет:
- ЖМКнын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн расмий бланкадагы өтүнмөсү, анда уставдык милдеттер, нускасы, мезгилдүүлүгү, жайгашкан орду, ЖМКнын таратылуу региону (басма ЖМКлар үчүн), почта дареги (анын ичинде индекси), телефон номерлери жана факсы керсөтүлөт;
- Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында ЖМК катары мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- ЖМКнын журналистинин паспортунун көчүрмесү, анын расмий же туруктуу купуя ысымы, ээлеген кызмат орду, координаторы (электрондук почтанын дареги, кызматгык жана уюктук телефондорунун номерлери), 3x4 см өлчөмүндөгү эки фотосүрөтү.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк журналистти туруктуу аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
13. Ушул Эрежелердин 11-пунктунун талаптарына жооп бербеген аккредитациялоого өтүнме кароого кабыл алынбайт.
Өз ишинин түрү боюнча адистештирилген басылма болуп эсептелген ЖМКны (жарнамалык, маалымдама ж.б.) туруктуу аккредитациялоого жол берилбейт.
14. Туруктуу аккредитация алуу жөнүндө чечимди Аппарат жетекчиси ушул Эрежелердин 11 жана 12-пункттарында көрсетүлгөн документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде кабыл алат.
"Өкмөттүк кабарчы" аккредитациялык күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Маалыматтык бөлүм үч иш күнүнүн ичинде ЖМКга кабыл алынган чечим тууралуу билдирүү жиберет.
4. Аккредитацияланган журналисттердин укуктары жана милдеттери
15. Туруктуу аккредитацияланган журналисттер төмөнкү укуктарга ээ:
- Өкмөттүн Аппаратында өткөрүлүүчү боло турган жыйындар, кеңешмелер жана башка иш-чаралар тууралуу маалымат алууга;
- жыйындар залында жана атайын жабдылган имараттардагы Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн ачык иш-чараларына катышууга;
маалыматтык-маалымдама материалдар (иш тартиби, билдирүүлөрдүн тексттери, пресс-релиздер) менен таанышууга;
- аудио жана видеотартуу үчүн зарыл болгон техникалык аппаратураларды пайдаланууга;
- басма сөз үчүн атайын өткөрүлүүчү брифингдерге, басма сез жыйындарына жана башка иш-чараларга катышууга;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен кошумча маалымат (комментарийлер, түшүндүрмөлер) алуу үчүн жолугушууларды жана баарлашууларды уюштурууда Маалыматтык бөлүмдүн көмөгүнөн пайдаланууга;
- Маалыматтык камсыздоо белүмүнен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши женүндө маалыматты суроого, алууга жана жайьштууга.
16. Туруктуу аккредитацияланган журналисттер төмөнкүлөргө
милдеттүү:
- журналисттик тгиканын жалпыга таанылган ченемдерин сактоого;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө объективдүү маалымат берүүгө;
- өзүнүн кесиптик мүмкүндүктөрүн маалыматты жашыруу же коомдук маанилүү маалыматтарды бурмалоо, чыныгы маалымат иретинде имиштерди таркатуу, жалпыга маалымдоо каражаты болуп эсептелбеген бетөн жактардын жана уюмдардын пайдасына маалымат чогултуу максатында пайдаланбоого;
- өзүнүн укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчелөрүнүн, Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин аброюн жана кадыр-баркына шек келтирбөө максатында пайдаланбоого;
- коомдук тартипти жана Өкмөттүн Аппаратындагы жүрүм-турум ченемдерин бузбоого;
Өкмөттүн Аппаратына кирүүдө "Өкметтүк кабарчы" аккредитациялык күбелүгүн редакциялык күбөлүк менен бирге көрсөтүүгө.
5. Туруктуу аккредитациялануучу журналисттердин саны
17. ЖМКлар үчүн туруктуу аккредитациялоо төмөнкү квоталардын чегинде жүргүзүлөт:
- мезгилдүү басылмалар - 2 адамга чейин;
- өзүнүн ишин Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тарамында жүргүзгөн маалымат агенттиктери - 3 адамга чейин;
- радиокомпаниялар - 3 адамга чейин;
- телекомпаниялар - курамында кабарчы жана оператор болгон 3 тартуучу топко чейин.
6. Туруктуу аккредитациядан ажыратуу
18. ЖМК туруктуу аккредитациядан төмөнкү учурларда бир жылдык мөөнөткө ажыратылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмет мүчөлөрүнүн, Өкмөггүн Аппаратынын кызматкерлеринин аброюна жана кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка жатпаган маалыматтарды жарыялаганда жана жайылтканда;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин 3 ай бою чагылдырууну токтоткондо;
- Ушул Эрежелердин 1 б-пунктундагы талаптарды бузганда.
19. Журналист кызматтан бошоп кеткен жана/же ЖМКнын жетекчилигинин чечими менен анын аккредитациясы чакыртылып алынган учурда, журналисттин аккредитациясы токтотулат. Бул учурда ЖМК Маалыматтык бөлүмдүн дарегине үч иш күнүнүн ичинде тийиштүү билдирүү жиберет жана мурда берилген аккредитациялык күбөлүктү кайрып берет.
20. Аккредитациялык күбөлүк кайтарылып берилбеген учурда Маалыматтык бөлүмдүн сунушу боюнча Аппарат жетекчиси тарабынан үч иш күнүнүн ичинде ЖМКны бир жылдык мөөнеткө туруктуу аккредитациялоодон ажыратуу маселеси каралат.
21. ЖМК бошогон орунга башка журналистти аккредитациялоо укугуна ээ.
22. Журналисттин туруктуу аккредитациясын токтотуу жана андан ажыратуу маселеси Маалыматтык белүмдүн сунушу боюнча Аппарат жетекчиси тарабынан каралат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 апреля 2000 года №215 "Об утверждении Положения об аккредитации корреспондентов средств массовой информации иностранных государств на…Постановление · 19.04.2000 · № 215 · Күчүн жоготкон