# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 631-б (Толук метраждуу "Шабдан баатыр" тарыхый көркөм фильмин жаратууга мамлекеттик заказ беришүү жөнүндө) буйругу.

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 631-б (Толук метраждуу "Шабдан баатыр" тарыхый көркөм фильмин жаратууга мамлекеттик заказ беришүү жөнүндө) буйругу.
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 631-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14168/edition/606589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 631-б (Толук метраждуу "Шабдан баатыр" тарыхый көркөм фильмин жаратууга мамлекеттик заказ беришүү жөнүндө) буйругу. (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214238

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 31-декабры № 631-б "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Шабдан баатырдын кыргыз мамлекетин сактоого жана чындоого кошкон зор салымын эске алуу менен:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги толук метраждуу "Шабдан баатыр" тарыхый көркөм фильмин жаратууга мамлекеттик заказ берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин "Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы" мамлекеттик ишканасынын көркөм кеңешинде жактырылган сценарийдин негизинде мамлекеттик заказ линиясы боюнча 80 млн (сексен миллион) сом бюджеттик каражатты бөлүү маселесин иштеп чыксын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
