# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 612-б (Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бюджеттен алынган бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө) буйругу.

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 612-б (Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бюджеттен алынган бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө) буйругу.
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 612-р
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14145/edition/603324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 612-б (Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бюджеттен алынган бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө) буйругу. (26.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214215

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 26-декабры № 612-б "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын оор финансылык абалын көңүлгө алуу менен жана бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнү камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Бишкек шаарынын калкын жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан карыздарды төлөөгө 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан республикалык бюджеттен алынган 100 (жүз) млн сом суммасындагы бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн 2015-жылдын 31-декабрына чейин узартсын;

- бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтүн узартууну эске алып, Бишкек шаарынын мэриясы менен 2013-жылдын 30-октябрындагы № 1 Ссуда келишимине кошумча макулдашуу түзсүн.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
