# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 22-декабрындагы № 539 (КР менен Казахстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусуна катышуучу курамы жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 22-декабрындагы № 539 (КР менен Казахстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусуна катышуучу курамы жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 539
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2014
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14142/edition/1280225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 22-декабрындагы № 539 (КР менен Казахстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусуна катышуучу курамы жөнүндө) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214212

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 22-декабры № 539 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу топторунун Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2014-жылдын 22-26-декабрында өтө турган жолугушуусуна катышуу үчүн тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Тиркеме Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу тобунун 2014-жылдын 22-26-декабрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган жолугушуусуна катышуучу курамы

Искандаров К.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

Катанаев А.Г.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору, жумушчу топтун жетекчиси;

Касмалиев А.К.

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;

Момбеков А.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчьшыгынын эксперти;

Урманбетов Б.Ж

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы;

Камбаралиев Б.К

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын улук офицери;

Жакыпов Б.М.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнн начальниги;

Мандычев Н.И.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;

Иманалиев А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын кыргыз комплекстүү аэрогеодезиялык экспедициясынын партиясынын начальниги.
