# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-декабрындагы № 587-б (Баткен облусунун финансылык колдоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жөнүндө) буйругу.

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-декабрындагы № 587-б (Баткен облусунун финансылык колдоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жөнүндө) буйругу.
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 587-р
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14121/edition/603288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-декабрындагы № 587-б (Баткен облусунун финансылык колдоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жөнүндө) буйругу. (18.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 18-декабры № 587-б Баткен облусунун чек арага чектеш райондорун финансылык колдоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен "Лейлек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясына 2014-жылы 5000000 (беш миллион) сом суммасында бюджеттик ссуда бөлүп берсин :

- "Лейлек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясы менен төмөнкү шарттарда карыз милдеттенмесин тариздесин:

кайтаруу мөөнөтү - карыз милдеттенмеси түзүлгөн күндөн тартып негизги сумманы төлөө боюнча 3 (үч) жыл жеңилдетилген мезгил берүү менен, карыз милдеттенмеси түзүлгөн күндөн тартып 10 (он) жыл; пайызсыз негизде; мөөнөтү өткөн төлөмдеөр учүн айыптык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына эсептелинген жылдык 3 (үч) пайыз; ссуданын негизги суммасын бирдей жарым жылдык төлөмдөр менен төлөөнү караштыруу; күрөөлүк камсыздоо менен.

2. "Лейлек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- бюджеттик ссуданы максаттуу багыты боюнча гана - "Лейлек"; эркин экономикалык зонасын абаттоого жумшоо;

- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык толук кайтарып берүүнү камсыз кылуу.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
