# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 578-б (Кырыгз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б буйругуна өзгөртүлөрдүү киргизүү жөнүндө) буйругу.

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 578-б (Кырыгз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б буйругуна өзгөртүлөрдүү киргизүү жөнүндө) буйругу.
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 578-р
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14117/edition/603284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 578-б (Кырыгз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б буйругуна өзгөртүлөрдүү киргизүү жөнүндө) буйругу. (17.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214187

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 17-декабры № 578-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун аткаруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:

Дооталиев У.Т., Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү; Азимов А.К., Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү; Калыев С.А., Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү; Ирсалиев Д.И., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү;

- ведомстволор аралык жумушчу топтун курамынан Кутманов Н.О., Таткулов Т.Дж.,. Сыдыгалиев Б.К жана Осмоналиев А.Ш. чыгарылсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
