Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык долбооруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 9-декабры № 563-б 2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 21-июнундагы № 92 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жогоруда аталган Меморандумдун алкагында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм менен макулдашууларды түзүүгө ыйгарым укук берилсин.
2. Төмөнкү тиркелгендерге макулдук берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жеңил ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу боюнча улуттук ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуунун долбооруна, принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасында жеңил ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын коопсуздугун чыңдоо жана башкарууну өркүндөтүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуунун долбооруна, принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Бужум айылындагы 30630, Гүлчө айылындагы 92843 жана Кой-Таш айылындагы 73809 аскер бөлүктөрүндө жеңил ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарылардын запастарын сактоо үчүн жаңы үч кампаны куруу. Гүлчө айылындагы 92843 аскер бөлүгүнүн кампасын жана Кой-Таш айылындагы 73809 аскер бөлүгүнүн үч кампасын (№ 7, 10, 16) реконструкциялоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуунун долбооруна, принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары менен түздөн-түз иштеген аскер кызматкерлерине тренингдерди өткөрүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуунун долбооруна, принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасында жеңил ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын ашыкчаларын жок кылуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуунун долбооруна, принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен.
Премьер-министри
Дж.Оторбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Бужум айылындагы 30630, Гүлчө айылындагы 92843 жана Кой-Таш айылындагы 73809 аскер бөлүктөрүндө жеңил ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарылардын запастарын сактоо үчүн жаны үч кампаны куруу. Гүлчө айылындагы 92843 аскер бөлүгүнүн кампасын жана Кой-Таш айылындагы 73809 аскер бөлүгүнүн үч кампасын (№ 7, 10, 16) реконструкциялоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча МАКУЛДАШУУ ЕККУ долбоору № 5300431 Бул Макулдашуу (мындан ары - "Макулдашуу") чогуу алганда "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Макулдашууну ишке ашырууга ыйгарым укуктуу орган катары аныкталган, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 26 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - "КМ") менен Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү, 6 дареги боюнча жайгашкан ЕККУнун Бишкектеги Борбору аркылуу көрсөтүлгөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (мындан ары - "ЕККУ") ортосунда түзүлдү. Бул Макулдашуу 2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - "Меморандум") алкагында түзүлгөн жана төмөнкү 1-беренеде келтирилген долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук негиз болот. Долбоордун ишке ашырылышындагы финансылык жана административдик контролдоону ЕККУ ишке ашырат. Бирок, долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан бардык жалпы административдик маселелер КМ менен талкууланат жана макулдашылат. Долбоорду ишке ашыруунун мониторингин КМ жана ЕККУ жүргүзөт. Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Долбоор "Кыргыз Республикасынын Бужум айылындагы 30630, Гүлчө айылындагы 92843 жана Кой-Таш айылындагы 73809 аскер бөлүктөрүндө жеңил ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарылардын запастарын сактоо үчүн жаңы үч кампаны куруу. Гүлчө айылындагы 92843 аскер бөлүгүнүн кампасын жана Кой-Таш айылындагы 73809 аскер бөлүгүнүн үч кампасын (№ 7, 10, 16) реконструкциялоо" долбоорун (мындан ары - "Долбоор") ишке ашыруунун алкагында Бужум айылындагы 30630, Гүлчө айылындагы 92843 жана Кой-Таш айылындагы 73809 аскер бөлүктөрүнүн аймагына 3 (үч) жаңы кампа куруу каралган. Ар бир кампа узуну 48 метр туурасы 12 метр өлчөмүндө болот. Мындан тышкары, жаңы кампаларга жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастарын (мындан ары - "ЖОК жана КОЗ") ишенимдүү жана коопсуз сактоону камсыздаган жаңы жабдуулар орнотулат. Тактап айтканда Бужум айылындагы 30630 аскер бөлүгүнө кампанын аймагынын ички периметри боюнча кошумча жарык берүү, табуу жана коргоо ишараттоо тутумун, өрттөн сактоо ишараттоо тутумун, чагылгандан коргоону жана электр генераторун орнотуу каралган. Гүлчө айылындагы 92843 аскер бөлүгүндө ички периметр боюнча жарык берүү, табуу жана коргоо ишараттоо тутумун, өрттөн сактоо ишараттоо тутумун, кош дарбаза, чагылгандан коргоону жана электр генераторун орнотуу каралган. Кой-Таш. айылындагы 73809 аскер бөлүгүндө ички периметр боюнча жарык берүү, табуу жана коргоо ишараттоо тутумун, өрттөн сактоо ишараттоо тутумун жана электр генераторун орнотуу каралган. Гүлчө айылындагы 92843 аскер бөлүгүнүн аймагындагы кампаны реконструкциялоо төмөнкүлөрдү камтыйт: жаңы эшик орнотууну; эшикти демонтаждоону жана экинчи эшиктин тешигин бүтөөнү; суу өтүүнүн алдын алуу үчүн чатырларды реконструкциялоону; кампанын тышкы жарык берүүсүн модернизациялоону. Кой-Таш айылындагы 73809 аскер бөлүгүнүн аймагындагы № 7, 10, 16 3 (үч) кампаны реконструкциялоо төмөнкүлөрдү камтыйт: суу өтүүнүн алдын алуу үчүн чатырын реконструкциялоону; тышкы жарык берүүнү модернизациялоону, кирчү эшиктерин реконструкциялоону жана тышкы периметр боюнча кош дарбазаларды орнотууну. Бул Долбоор Меморандумга ылайык ЕККУ тарабынан иштеп чыккан жана КМ менен макулдашылган Кыргыз Республикасындагы жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программанын (мындан ары - "Программа") курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Долбоордун бюджети 1037161 (бир миллион отуз жети миң жүз алтымыш бир) еврону түзөт. Долбоордун бюджети Тараптардын макулдугу менен көбөйүүсү же азаюусу мүмкүн. Ушундай өзгөрүүлөргө төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- валюта курстарынын өйдө-ылдый болушу;
- рыноктогу курулуш, подрядчиктердин, ижара жана башка кызматтардын баасынын көтөрүлүшү;
- материалдарды сатып алуу бааларынын көтөрүлүшү;
- негизги пландалган жумуштарды же иш-чараларды аткаруунун алдында кошумча жумуштар талап кылынган учурлардын пайда болушу;
- Долбоордун жыйынтыгына түз таасирин тийгизген башка олуттуу шарттар.
Бул Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарлардын, жабдуулардын, буюмдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси КМ менен макулдашуу боюнча ЕККУ тарабынан аныкталат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашылган пландар ЕККУ жана КМ тарабынан жумуш иретинде аныкталат жана зарылдыгына жараша түзөтүлөт. 2-берене. Долбоордун колдонуу мөөнөтү жана өнөктөштүктүн жалпы узактыгы Долбоорду ишке ашыруу Тараптар Макулдашууга кол койгон учурдан башталат жана Долбоордун иш-чаралары үчүн финансылык каражаттар жетиштүү болгон шартта 2015-жылдын 31-декабрында бүтөт. Долбоордун бардык иш-чараларын ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар жетишсиз болгон учурда, иш-чараларды ишке ашыруу жетиштүү финансылык каражаттар менен камсыздоого чейин автоматтык түрдө токтотулат. Долбоорду ишке ашырууну аяктоо үчүн мөөнөттөрдү узартуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, мындай узартуу Тараптардын эки тараптуу макулдугу боюнча гана жана эки Тарап тийиштүү түрдө аткарышы керек болгон өзүнчө протоколду түзүү жолу менен ушул Макулдашууга түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу берилет. 3-берене. Тараптардын жалпы милдеттери
1. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде КМ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- ЕККУнун колдоосунда долбоорлоочунун жаңы кампаны долбоорлоосу үчүн Техникалык тапшырманы иштеп чыгууга;
- ЕККУнун колдоосунда кампаларды реконструкциялоо үчүн Техникалык тапшырманы иштеп чыгууга;
- жаңы 3 (үч) кампанын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн Архитектуралык-пландоочу шарттарды (мындан ары - "АПШ") андан ары долбоорлоочуга берүү үчүн райондук архитектура башкармалыгынан АПШны сурап алууга;
- ЕККУ өткөргөн тендерлерде долбоорлоочуларды тандоо боюнча тендердик комиссияга өзүнүн өкүлдөрүн катыштырууну камсыздоого;
- жаңы кампалардын долбоорлорунун эскиздик варианттарын кароого жана долбоорлоочу менен макулдашууга;
- жаңы кампалардын негизги варианттарын кароого жана долбоорлоочу менен макулдашууга;
- жаңы кампаларды куруу жана кампаларды реконструкциялоо боюнча генералдык подрядчыларды тандоо боюнча тендердик комиссияга, ЕККУ өткөргөн тендерлерге өзүнүн өкүлүнүн катышуусун камсыздоого;
- кампалардагы курулуш жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн курулуш боюнча генералдык подрядчылардын өкүлдөрүн курулуш аянтына кирүүсүн камсыздоого;
- кампаларды куруунун жана реконструкциялоонун бардык мезгилинде куруу жана реконструкциялоо иштерин техникалык көзөмөлдөөгө;
- кампаларды куруу жана реконструкциялоо боюнча техникалык кеңешмелерге катышууга;
- жумушчу жана кабыл алуу комиссияларына өзүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоого;
- жаңы кампаларды пайдаланууга берүүгө;
- жаңы курулган жана оңдолгон кампаларды андан ары тийиштүү кармоону камсыздоого;
- Долбоорду ишке ашыруунун бардык этабында ЕККУга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыздоого;
- Меморандумда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.
2. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЕККУ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- Долбоордун ишке ашуусун каржылоону, жалпы программалык администрациялоону жана контролдоону камсыздоого;
- КМ менен бардык пландалган долбоордук иш-чаралар боюнча тыгыз координациялоону жана макулдашууну камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен 3 (үч) жаңы кампаны долбоорлоо жана куруу боюнча так жана ачык тендерди өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен 4 (төрт) кампаны реконструкциялоо боюнча так жана ачык тендерди өткөрүүгө;
- КМнын өкүлдөрүнүн тендердин, кабыл алуучу жана жумушчу комиссияларга катышуусун камсыздоого;
- Долбоорду ишке ашыруу мониторингин жүргүзүүгө;
- Меморандумда каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Тараптардын милдеттенмелери:
КМнын аскер кызматчыларына жана кызматчыларына же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка өкүлдөрүнө ушул Долбоорго катышкандыгы үчүн эч кандай финансылык компенсация (эмгек акы) каралбагандыгына түшүнүүсүн жана макул экендигин Тараптар билдиришет. 4-берене. Персоналга болгон талаптар
1. КМ өзү тараптан Долбоорду ишке ашыруучу жооптуу аскер кызматчыларын жана кызматчыларды дайындоо милдетин алат жана ушул адамдарга түздөн-түз иш берүүчү болушу керек. КМ Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле эмгек иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыздоого милдеттенет.
2. Бул адамдар КМнын жетекчилиги жана жоопкерчилиги алдында иштеши керек, ал өзүнүн өкүлдөрү тарабынан аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн толугу менен жооп берет. Долбоорду ишке ашыруу боюнча КМ тарабынан иштеген өкүлдөр үчүн ЕККУ жоопкерчилик албайт.
3. КМ тарабынан Долбоорду ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон адамдар КМ тарабынан тандалышы керек. Тандалган адамдар Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн тийиштүү билимге жана жөндөмгө ээ болушу зарыл. Долбоорду ишке ашырууга тартылган өкүлдөр Долбоорду ишке ашырууга карата кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөсүнө КМ кепилдик бериши керек.
5-берене. Отчеттуулук жана контролдоо
1. Меморандумга ылайык ЕККУдан жана/же донор-мамлекеттерден финансылык жана/же башка материалдык каражаттарды алуунун жыйынтыгы боюнча КМ кварталдык орто-аралык отчетторду түзүп ЕККУга берүүгө милдеттенет. Ошондой эле КМ Долбоор ишке ашырылып бүткөндөн кийин 31 (отуз бир күн) күндүн ичинде ЕККУга берүү үчүн деталдуу толук отчетторун даярдайт.
2. Деталдуу толук отчет төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Долбоордун максаттарын кыскача баяндоо;
- аткарылган долбоордук иштерди кыскача баяндоо;
- жетишилген максаттар жөнүндө маалымат;
- Долбоорду баалоо; пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;
- Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы.
3. Отчет орус тилинде берилиши керек.
4. ЕККУ же бул Долбоордун донор-мамлекети Долбоордун ишке ашырылышына жыйынтыктоочу контролдоо жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындоого укуктуу.
6-берене. Текшерүү Зарылдыгына жараша КМ ЕККУга жана кызыкдар болгон подрядчиктерге Долбоорго тиешелүү болгон ар кандай отчетторду, карталарды, эсептерди, жазууларды, арыздарды, документтерди жана башка жашыруун эмес маалыматтарды кыска мөөнөттө берүүгө милдеттенет. 7-берене. Жоопкерчилик Долбоордун алкагында пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу, жоопкерчиликке тартуу менен байланышкан маселелер, доо маселелери, ар түрдүү мүнөздөгү дооматтар, талаптар Меморандумдун 10-беренесине ылайык жөнгө салынат. 8-берене. Интеллектуалдык менчикке болгон укук
1. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө, ошондой эле ага карата өндүрүлгөн ар бир предметке, өндүрүлгөн жана түзүлгөн ойлоп табууга же бардык отчетторго жана документтерге карата бардык укуктар, аталыштар жана кызыкчылыктар, анын ичинде чектөөлөрсүз бардык автордук укуктар жана патенттер, өнөр жай жана интеллектуалдык менчик укуктары ЕККУга гана өткөрүп берилиши керек. Бул предметтерди кандай гана болбосун колдонуу ЕККУнун алдын-ала жактыруусун талап кылат.
2. КМ ЕККУнун атын жана логотибин Долбоор менен байланышта гана жана ЕККУнун алдын-ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен колдоно алат.
3. Долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди ЕККУ тарабынан каржылоо Долбоордун алкагында даярдалган бардык басма материалдарында белгилениши керек. Ылайыгына жараша КМ ЕККУну басылмаларда, эл алдына чыгып сүйлөгөндө жана басма-сөздөрдө же ушуга окшош жалпыга маалымдоо каражаттарында белгилеп кетүүсү зарыл.
9-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Ушул Макулдашууга карата келип чыккан же ага байланышкан талаш-тартыштар Меморандумдун 13-беренесине ылайык жөнгө салынууга тийиш. Талаш-тартыш келип чыккан учурда Тараптар, мазмунунун окшоштугу Тараптар тарабынан бышыкталган Макулдашуунун кыргыз, орус жана англис тилдериндеги версияларынын ушул Макулдашууга кол коюу учурунда өздөрүнө алган шарттарга, эскертмелерге жана милдеттенмелерге карата бирдей күчкө ээ болооруна макулдугун билдиришет. Макулдашуунун версияларынын котормосу дал келбей калган учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот. 10-берене. Артыкчылыктар жана иммунитеттер Бул Макулдашуудагы же ага байланыштуу эч бир нерсе Меморандумдун 14-беренесине ылайык ЕККУ жана/же анын персоналы колдонгон бардык артыкчылыктардан же иммунитеттерден баш тартуу катары каралбайт. 11-берене. Колдонулушун убактылуу токтотуу, токтотуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бул Макулдашуу эки Тарап кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Эгер Тараптардын бири Долбоордун ийгиликтүү аякташына же анын максатына жетүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар же тоскоолдуктардын келип чыгуу коркунучу бар деп чечсе, экинчи Тарапты жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу ушул Долбоорго колдоо көрсөтүүнү токтотууга укуктуу. Ушул Тарап ошол эле же андан кийинки жазуу жүзүндөгү кабарлоо менен бул Долбоорго көмөктөшүүнү жандандырууга даяр болгон шарттарды билдире алат. Ушул сыяктуу каалагандай убактылуу токтотуу мындай шарттар экинчи Тарапка ыңгайлуу болгонго чейин улана берет, ал эми экинчи Тарап өз учурунда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген жазуу түрүндөгү кабарлоону жөнөтүүсү керек.
3. Ишке ашырууну улантуу үчүн кыйынчылык туудурган же коркунуч жараткан жагдайлар (форс-мажор) пайда болгон учурда Тараптар бүтүндөй Долбоорду же анын бөлүгүн ишке ашырууну убактылуу токтото алышат. Эгер бул Макулдашуу 11-берененин 4-пунктуна ылайык токтотулбаса, анда Тараптар убактылуу токтотуунун мезгилин кыскартууга аракет кылып, Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын жана мүлктүн коопсуздугу жана сактыгы кепилденген жана мүмкүн болгон учурда Долбоорду ишке ашырууну жандандырышы керек. Убактылуу токтотуунун мезгили Долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Макулдашууда белгиленген мөөнөттөргө кошулат.
4. Эгерде Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири жагынан 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндөгү кабарлоону берүү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулбаса, анда ал ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык күчүнө кирет.
5. Ушул Макулдашууга кандай гана өзгөрүүлөр киргизилбесин эки Тараптын жазуу жүзүндөгү жактыруусуна жараша болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча шарттарды, анын ичинде донор-мамлекеттер атайын сурап ала турган шарттарды Тараптар жазуу жүзүндө бекитүүгө тийиш.
Бишкек шаарында _____________ бирдей эки аутенттүү нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун атынан
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасында жеңил ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын коопсуздугун чыңдоо жана башкарууну өркүндөтүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча МАКУЛДАШУУ ЕККУ долбоору № 5300431 Бул Макулдашуу (мындан ары - "Макулдашуу") чогуу алганда "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Макулдашууну ишке ашырууга ыйгарым укуктуу орган катары аныкталган, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 26 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - "КМ") менен Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү, 6 дареги боюнча жайгашкан ЕККУнун Бишкектеги Борбору аркылуу көрсөтүлгөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (мындан ары - "ЕККУ") ортосунда түзүлдү. Бул Макулдашуу 2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - "Меморандум") алкагында түзүлгөн жана төмөнкү 1-беренеде келтирилген долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук негиз болот. Долбоордун ишке ашырылышындагы финансылык жана административдик контролдоону ЕККУ ишке ашырат. Бирок, долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан бардык жалпы административдик маселелер КМ менен талкууланат жана макулдашылат. Долбоорду ишке ашыруунун мониторингин КМ жана ЕККУ жүргүзөт. Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты. 1-берене. Долбоор "Кыргыз Республикасында жеңил ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын коопсуздугун чыңдоо жана башкарууну өркүндөтүү" долбоорун (мындан ары - "Долбоор") ишке ашыруунун алкагында жеңил ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарылардын запастарын (мындан ары - "ЖОК жана КОЗ") башкаруу, каттоо жана байкоо үчүн электрондук маалыматтар базасын түзүү каралган. Бул Долбоорду ишке ашыруунун алкагында ЖОК жана КОЗду инвентаризациялоо боюнча программалык камсыздоону колдонуу, ошондой эле ушул программалык камсыздоону пайдалануу боюнча ракеталык-артиллериялык куралдануу (мындан ары - "РАК") адистерин окутуу каралган. Мындан тышкары КМнын түзүмүндө ЖОК жана КОЗду сактоо жайлары үчүн компьютердик жабдуу, ошондой эле КМнын тийиштүү башкаруусу үчүн сервер берилет. Бул Долбоор Меморандумга ылайык ЕККУ тарабынан иштеп чыгылган жана КМ менен макулдашылган Кыргыз Республикасындагы жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программанын (мындан ары - "Программа") курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Долбоордун бюджети 112630 (жүз он эки миң алты жүз отуз) еврону түзөт. Долбоордун бюджети Тараптардын макулдугу менен көбөйүүсү же азаюусу мүмкүн. Ушундай өзгөрүүлөргө төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- валюта курстарынын өйдө-ылдый болушу;
- жабдуулардын жана материалдардын сатып алуу бааларынын өсүшү;
- негизги пландалган жумуштарды же иш-чараларды аткаруунун алдында кошумча жумуштар талап кылынган учурлардын пайда болушу;
- Долбоордун жыйынтыгына түз таасирин тийгизген башка олуттуу шарттар.
Бул Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарлардын, жабдуулардын, буюмдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси КМ менен макулдашуу боюнча ЕККУ тарабынан аныкталат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашылган пландар ЕККУ жана КМ тарабынан жумуш иретинде аныкталат жана зарылдыгына жараша түзөтүлөт. 2-берене. Долбоордун колдонуу мөөнөтү жана өнөктөштүктүн жалпы узактыгы Долбоорду ишке ашыруу Тараптар Макулдашууга кол койгон учурдан башталат жана Долбоордун иш-чаралары үчүн финансылык каражаттар жетиштүү болгон шартта 2015-жылдын 31-мартында бүтөт. Долбоордун бардык иш-чараларын ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар жетишсиз болгон учурда, иш-чараларды ишке ашыруу жетиштүү финансылык каражаттар менен камсыздоого чейин автоматтык түрдө токтотулат. Долбоорду ишке ашырууну аяктоо үчүн мөөнөттөрдү узартуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, мындай узартуу Тараптардын эки тараптуу макулдугу боюнча гана жана эки Тарап тийиштүү түрдө аткарышы керек болгон өзүнчө протоколду түзүү жолу менен болот. 3-берене. Тараптардын жалпы милдеттери
1. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде КМ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- КМга берилүүчү жабдууларды программалык камсыздоо үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгууда ЕККУнун өкүлдөрүнө көмөк көргөзүүгө;
- ЕККУ тарабынан өткөрүлгөн тендерде КМга берилүүчү жабдуулардын программалык камсыздоосун иштеп чыгуучуну тандоо боюнча тендердик комиссияга өзүнүн өкүлүнүн катышуусун камсыздоого;
- зарылдыгына жараша программалык камсыздоонун негизги деталдарын кароого жана иштеп чыгуучу менен макулдашууга;
- техникалык экспертизаларды жүргүзүү жана жабдууларды орнотуу, ошондой эле ЖОК жана КОЗду жөндөө жана адистерди ага окутуу үчүн ЕККУнун өкүлдөрүнүн жана иштеп чыгуучу компаниялардын ЖОК жана КОЗ кампаларына кирүүсүн камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗ менен түздөн-түз иштеген КМнын тиешелүү сандагы аскер кызматкерлеринин тренингдерге катышуусун камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗ менен иштөө учурунда ээ болгон билимди окуу программаларда бекитүү жолу менен андан ары колдонууну, КМ тиешелүү кызматчыларын окутууну камсыздоого;
- берилген жабдууну максаттуу колдонууну жана тийиштүү жумушчу абалында сактоону камсыздоого;
- Долбоорду ишке ашыруунун бардык этабында ЕККУга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыздоого;
- Меморандумда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.
2. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЕККУ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- Долбоордун ишке ашыруусун каржылоону, жалпы программалык администрациялоону жана контролдоону камсыздоого;
- КМ менен бардык пландалган долбоордук иш-чаралар боюнча тыгыз координациялоону жана макулдашууну камсыздоого;
- КМ берген тизмеге ылайык ЖОК жана КОЗду инвентаризациялоо боюнча программалык камсыздоо менен жабдылган компьютердик жабдууларды жана ЖОК жана КОЗду сактоо үчүн модемдерди жана КМнын тийиштүү башкаруусу үчүн серверлерди берүүгө;
- зарыл болгон жабдууларды сатып алуу боюнча так жана ачык тендер өткөрүүгө;
- КМнын өкүлдөрүнүн тендердик, кабыл алуу жана жумушчу комиссияларга катышуусун камсыздоого;
- компьютердик жана программалык камсыздоону пайдалануу боюнча жабдууларды орнотуу каралган аскердик бөлүктөрдө РАК адистерин окутууну камсыздоого;
- Долбоорду ишке ашыруу мониторингин жүргүзүүгө;
- Меморандумда каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Тараптардын милдеттенмелери:
КМнын аскер кызматкерлерине жана кызматчыларына же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка өкүлдөрүнө ушул Долбоорго катышкандыгы үчүн эч кандай финансылык компенсация (эмгек акы) каралбагандыгына түшүнүүсүн жана макул экендигин Тараптар билдиришет. 4-берене. Персоналга болгон талаптар
1. КМ өзү тараптан Долбоорду ишке ашыруучу жооптуу аскер кызматкерлерин жана кызматчыларды дайындоо милдетин алат жана ушул адамдарга түздөн-түз иш берүүчү болушу керек. КМ Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле эмгек иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыздоого милдеттенет.
2. Бул адамдар КМнын жетекчилиги жана жоопкерчилиги алдында иштеши керек, ал өзүнүн өкүлдөрү тарабынан аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн толугу менен жооп берет. Долбоорду ишке ашыруу боюнча КМ тарабынан иштеген өкүлдөр үчүн ЕККУ жоопкерчилик албайт.
3. Бул Долбоор боюнча окутууга катышуу үчүн тандап алынган КМнын аскер кызматчылары персоналдык компьютерде жана программалык камсыздоо менен иштөөгө ыктуу болуусу зарыл. Окутуу үчүн тандап алынган адамдар Долбоорду ишке ашырууга карата кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөсүнө КМ кепилдик бериши керек.
5-берене. Отчеттуулук жана контролдоо
1. Меморандумга ылайык ЕККУдан жана/же донор-мамлекеттерден финансылык жана/же башка материалдык каражаттарды алуунун жыйынтыгы боюнча КМ кварталдык орто-аралык отчетторду түзүп ЕККУга берүүгө милдеттенет. Ошондой эле КМ Долбоор ишке ашырылып бүткөндөн кийин 31 (отуз бир) күндүн ичинде ЕККУга берүү үчүн деталдуу толук отчетторун даярдайт.
2. Деталдуу толук отчет төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Долбоордун максаттарын кыскача баяндоо;
- аткарылган долбоордук иштерди кыскача баяндоо;
- жетишилген максаттар жөнүндө маалымат;
- Долбоорду баалоо; пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;
- Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы.
3. Отчет орус тилинде берилиши керек.
4. ЕККУ же бул Долбоордун донор-мамлекети Долбоордун ишке ашырылышына жыйынтыктоочу контролдоо жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындоого укуктуу.
6-берене. Текшерүү Зарылдыгына жараша КМ ЕККУга жана кызыкдар болгон подрядчиктерге Долбоорго тиешелүү болгон ар кандай отчетторду, карталарды, эсептерди, жазууларды, арыздарды, документтерди жана башка жашыруун эмес маалыматтарды кыска мөөнөттө берүүгө милдеттенет. 7-берене. Жоопкерчилик Долбоордун алкагында пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу, жоопкерчиликке тартуу менен байланышкан маселелер, доо маселелери, ар түрдүү мүнөздөгү дооматтар, талаптар Меморандумдун 10-беренесине ылайык жөнгө салынат. 8-берене. Интеллектуалдык менчикке болгон укук
1. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө, ошондой эле ага карата өндүрүлгөн ар бир предметке, өндүрүлгөн жана түзүлгөн ойлоп табууга же бардык отчетторго жана документтерге карата бардык укуктар, аталыштар жана кызыкчылыктар, анын ичинде чектөөлөрсүз бардык автордук укуктар жана патенттер, өнөр жай жана интеллектуалдык менчик укуктары ЕККУга гана өткөрүп берилиши керек. Бул предметтерди кандай гана болбосун колдонуу ЕККУнун алдын-ала жактыруусун талап кылат.
2. КМ ЕККУнун атын жана логотибин Долбоор менен байланышта гана жана ЕККУнун алдын-ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен колдоно алат.
3. Долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди ЕККУ тарабынан каржылоо Долбоордун алкагында даярдалган бардык басма материалдарында белгилениши керек. Ылайыгына жараша КМ ЕККУну басылмаларда, эл алдына чыгып сүйлөгөндө жана басма-сөздөрдө же ушуга окшош жалпыга маалымдоо каражаттарында белгилеп кетүүсү зарыл.
9-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Ушул Макулдашууга карата келип чыккан же ага байланышкан талаш-тартыштар Меморандумдун 13-беренесине ылайык жөнгө салынууга тийиш. Талаш-тартыш келип чыккан учурда Тараптар, мазмунунун окшоштугу Тараптар тарабынан бышыкталган Макулдашуунун кыргыз, орус жана англис тилдериндеги версияларынын ушул Макулдашууга кол коюу учурунда өздөрүнө алган шарттарга, эскертмелерге жана милдеттенмелерге карата бирдей күчкө ээ болооруна макулдугун билдиришет. Макулдашуунун версияларынын котормосу дал келбей калган учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот. 10-берене. Артыкчылыктар жана иммунитеттер Бул Макулдашуудагы же ага байланыштуу эч бир нерсе Меморандумдун 14-беренесине ылайык ЕККУ жана/же анын персоналы колдонгон бардык артыкчылыктардан же иммунитеттерден баш тартуу катары каралбайт. 11-берене. Колдонулушун убактылуу токтотуу, токтотуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бул Макулдашуу эки Тарап кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Эгер Тараптардын бири Долбоордун ийгиликтүү аякташына же анын максатына жетүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар же тоскоолдуктардын келип чыгуу коркунучу бар деп чечсе, экинчи Тарапты жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу ушул Долбоорго колдоо көрсөтүүнү токтотууга укуктуу. Ушул Тарап ошол эле же андан кийинки жазуу жүзүндөгү кабарлоо менен бул Долбоорго көмөктөшүүнү жандандырууга даяр болгон шарттарды билдире алат. Ушул сыяктуу каалагандай убактылуу токтотуу мындай шарттар экинчи Тарапка ыңгайлуу болгонго чейин улана берет, ал эми экинчи Тарап өз учурунда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген жазуу түрүндөгү кабарлоону жөнөтүүсү керек.
3. Ишке ашырууну улантуу үчүн кыйынчылык туудурган же коркунуч жараткан жагдайлар (форс-мажор) пайда болгон учурда Тараптар бүтүндөй Долбоорду же анын бөлүгүн ишке ашырууну убактылуу токтото алышат. Эгер бул Макулдашуу 11-берененин 4-пунктуна ылайык токтотулбаса, анда Тараптар убактылуу токтотуунун мезгилин кыскартууга аракет кылып, Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын жана мүлктүн коопсуздугу жана сактыгы кепилденген жана мүмкүн болгон учурда Долбоорду ишке ашырууну жандандырышы керек. Убактылуу токтотуунун мезгили Долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Макулдашууда белгиленген мөөнөттөргө кошулат.
4. Эгерде Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири жагынан 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндөгү кабарлоону берүү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулбаса, анда ал ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык күчүнө кирет.
5. Ушул Макулдашууга кандай гана өзгөрүүлөр киргизилбесин эки Тараптын жазуу жүзүндөгү жактыруусуна жараша болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча шарттарды, анын ичинде донор-мамлекеттер атайын сурап ала турган шарттарды Тараптар жазуу жүзүндө бекитүүгө тийиш.
Бишкек шаарында _____________ бирдей эки аутенттүү нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун атынан
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жеңил ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу боюнча улуттук ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча МАКУЛДАШУУ ЕККУнун долбоору № 5300431 Бул Макулдашуу (мындан ары - "Макулдашуу") чогуу алганда "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Макулдашууну ишке ашырууга ыйгарым укуктуу орган катары аныкталган, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 26 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - "КМ") менен Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү, 6 дареги боюнча жайгашкан ЕККУнун Бишкектеги Борбору аркылуу көрсөтүлгөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (мындан ары – "ЕККУ") ортосунда түзүлдү. Бул Макулдашуу 2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - "Меморандум") алкагында түзүлгөн жана төмөнкү 1-беренеде келтирилген долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук негиз болот. Долбоордун ишке ашырылышындагы финансылык жана административдик контролдоону ЕККУ ишке ашырат. Бирок, долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан бардык жалпы административдик маселелер КМ менен талкууланат жана макулдашылат. Долбоорду ишке ашыруунун мониторингин КМ жана ЕККУ жүзөгө ашырат. Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Долбоор "Кыргыз Республикасындагы жеңил ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу боюнча улуттук ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү" долбоорун (мындан ары - "Долбоор") ишке ашыруунун алкагында жеңил ок атуучу куралды жана кадимки ок-дарылардын запастарын (мындан ары - "ЖОК жана КОЗ") башкаруу боюнча улуттук ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү каралган. Ушул Долбоордун алкагында улуттук мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ЖОК жана КОЗ жаатындагы ЕККУнун мыкты дүйнөлүк практикасын жана документтерин киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында ЖОК жана КОЗ жаатындагы эл аралык эксперттерди тартуу каралган. Эксперттердин иши КМнын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылат. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө эл аралык келишимдерге, КМнын документтерин регламенттөөчү улуттук мыйзамдарга толук талдоо жүргүзүлөт, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ЖОК жана КОЗ жаатындагы мыкты дүйнөлүк практиканы жана ЕККУнун документтерин эске алуу менен жол карта иштелип чыгат. Мындан тышкары, КМнын кызматкерлери менен кызматташтыкта ЖОК жана КОЗду башкаруу боюнча улуттук ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү үчүн кабыл алуу зарыл болгон документтердин пакетин иштеп чыгуу болжолдонууда. Бул Долбоор Меморандумга ылайык ЕККУ тарабынан иштеп чыккан жана КМ менен макулдашылган Кыргыз Республикасындагы жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программанын (мындан ары - "Программа") курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Долбоордун бюджети 269210 (эки жүз алтымыш тогуз миң эки жүз он) еврону түзөт. Долбоордун бюджети Тараптардын макулдугу менен көбөйүүсү же азаюусу мүмкүн. Ушундай өзгөрүүлөргө төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- валюта курстарынын өйдө-ылдый болушу;
- Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кошумча иш-аракеттердин өткөрүлүшүнүн керектиги;
- Долбоордун жыйынтыгына түз таасирин тийгизген башка олуттуу шарттар.
Бул Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси КМнын макулдашуусу менен ЕККУ тарабынан аныкталат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашылган пландар ЕККУ жана КМ тарабынан жумуш иретинде аныкталат жана зарылдыгына жараша түзөтүлөт. 2-берене. Долбоордун колдонуу мөөнөтү жана өнөктөштүктүн жалпы узактыгы Долбоорду ишке ашыруу Тараптар Макулдашууга кол койгон учурдан башталат жана Долбоордун иш-чаралары үчүн финансылык каражаттар жетиштүү болгон шартта 2015-жылдын 31-мартында бүтөт. Долбоордун бардык иш-чараларын ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар жетишсиз болгон учурда, иш-чараларды ишке ашыруу жетиштүү финансылык каражаттар менен камсыздоого чейин автоматтык түрдө токтотулат. Долбоорду ишке ашырууну аяктоо үчүн мөөнөттөрдү узартуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, мындай узартуу Тараптардын эки тараптуу макулдугу боюнча гана жана эки Тарап тийиштүү түрдө аткарышы керек болгон өзүнчө протоколду түзүү жолу менен ушул Макулдашууга түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу берилет. 3-берене. Тараптардын жалпы милдеттери
1. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде КМ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- зарылдыгына жараша КМнын аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин ЕККУнун өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер менен жолугушууларга катышуусун камсыздоого;
- КМнын ыктыяры боюнча ички регламенттердин эл аралык стандарттарга шайкештигине техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн ЕККУнун өкүлдөрүнүн жана эл аралык эксперттердин ЖОК жана КОЗду сактоо кампаларына кирүүсүн камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗдун коопсуздугу жана аны башкаруу боюнча актылардын долбоорлорун ЕККУнун колдоосу астында иштеп чыгууга;
РККУнун суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарын тартуу менен тегерек столдорду өткөрүүдө координациялоону камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗ жаатындагы улуттук мыйзамдарды талдоодо эл аралык эксперттерге жана ЕККУнун өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүүгө;
- ЕККУнун суроо-талабы боюнча ЖОК жана КОЗ жаатында талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди (жашыруун мүнөздөгү эмес) берүүгө;
- ЖОК жана КОЗду башкаруу боюнча улуттук ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү үчүн кабыл алуу зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун эксперттер менен кароого жана макулдашууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекет ичинде макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүнү камсыздоого;
- Долбоорду ишке ашыруунун бардык этабында ЕККУга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыздоого;
- Меморандумда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.
2. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЕККУ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- Долбоордун ишке ашыруусун каржылоону, жалпы программалык администрациялоону жана контролдоону камсыздоого;
- КМ менен бардык пландалган долбоордук иш-чараларды тыкыс координациялоону жана макулдашууну камсыздоого;
- улуттук мыйзамдарды, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, макулдашууларды жана конвенцияларды, ЖОК жана КОЗ жаатындагы КМнын ички ведомстволук актыларын талдоону камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗду башкаруу боюнча мыкты дүйнөлүк практиканы жана ЕККУнун документтерин эске алуу менен улуттук мыйзамдарды жана регламенттөөчү документтерди өркүндөтүү боюнча жол картасын иштеп чыгууга;
- КМнын өкүлдөрү менен бирдикте ЖОК жана КОЗ жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле КМнын ички ведомстволук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- Долбоордун алкагында иштелип чыккан бардык документтердин долбоорлорун таанышуу, сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүү, ошондой эле талкуулоо үчүн КМге берүүгө;
- иштелип чыккан документтердин пакетин КМге берүүгө;
- Долбоорду ишке ашыруу мониторингин жүргүзүүгө;
- Меморандумда каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Тараптардын милдеттенмелери:
КМнын кызматчыларына же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка өкүлдөрүнө ушул Долбоорго катышкандыгы үчүн эч кандай финансылык компенсация (эмгек акы) каралбагандыгына түшүнүүсүн жана макул экендигин Тараптар билдиришет. 4-берене. Персоналга болгон талаптар
1. КМ өзү тараптан Долбоорду ишке ашыруучу жооптуу аскер кызматчыларын жана кызматчыларды дайындоо милдетин алат жана ушул адамдарга түздөн-түз иш берүүчү болушу керек. КМ Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле эмгек иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыздоого милдеттенет.
2. Бул адамдар КМнын жетекчилиги жана жоопкерчилиги алдында иштеши керек, ал өзүнүн өкүлдөрү тарабынан аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн толугу менен жооп берет. Долбоорду ишке ашыруу боюнча КМ тарабынан иштеген өкүлдөр үчүн ЕККУ жоопкерчилик албайт.
3. КМ тарабынан Долбоорду ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон адамдар КМ тарабынан тандалышы керек. Тандалган өкүлдөр Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн тийиштүү билимге жана жөндөмгө ээ болушу зарыл. Долбоорду ишке ашырууга тартылган өкүлдөр Долбоорду ишке ашырууга карата кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөсүнө КМ кепилдик бериши керек.
5-берене. Отчеттуулук жана контролдоо
1. Меморандумга ылайык ЕККУдан жана/же донор-мамлекеттерден финансылык жана/же башка материалдык каражаттарды алуунун жыйынтыгы боюнча КМ кварталдык орто-аралык отчетторду түзүп ЕККУга берүүгө милдеттенет. Ошондой эле КМ Долбоор ишке ашырылып бүткөндөн кийин 31 (отуз бир) күндүн ичинде ЕККУга берүү үчүн деталдуу толук отчетторун даярдайт.
2. Деталдуу толук отчет төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Долбоордун максаттарын кыскача баяндоо;
- аткарылган долбоордук иштерди кыскача баяндоо;
- жетишилген максаттар жөнүндө маалымат;
- Долбоорду баалоо; пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;
- Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы.
3. Отчет орус тилинде берилиши керек.
4. ЕККУ же бул Долбоордун донор-мамлекети Долбоордун ишке ашырылышына жыйынтыктоочу контролдоо жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындоого укуктуу.
6-берене. Текшерүү Зарылдыгына жараша КМ ЕККУга жана кызыкдар болгон подрядчиктерге Долбоорго тиешелүү болгон ар кандай отчетторду, карталарды, эсептерди, жазууларды, арыздарды, документтерди жана башка жашыруун эмес маалыматтарды кыска мөөнөттө берүүгө милдеттенет. 7-берене. Жоопкерчилик Долбоордун алкагында пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу, жоопкерчиликке тартуу менен байланышкан маселелер, доо маселелери, ар түрдүү мүнөздөгү дооматтар, талаптар Меморандумдун 10-беренесине ылайык жөнгө салынат. 8-берене. Интеллектуалдык менчикке болгон укук
1. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө, ошондой эле ага карата өндүрүлгөн ар бир предметке, өндүрүлгөн жана түзүлгөн ойлоп табууга же бардык отчетторго жана документтерге карата бардык укуктар, аталыштар жана кызыкчылыктар, анын ичинде чектөөлөрсүз бардык автордук укуктар жана патенттер, өнөр жай жана интеллектуалдык менчик укуктары ЕККУга гана өткөрүп берилиши керек. Бул предметтерди кандай гана болбосун колдонуу ЕККУнун алдын-ала жактыруусун талап кылат.
2. КМ ЕККУнун атын жана логотибин Долбоор менен байланышта гана жана ЕККУнун алдын-ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен колдоно алат.
3. Долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди ЕККУ тарабынан каржылоо Долбоордун алкагында даярдалган бардык басма материалдарында белгилениши керек. Ылайыгына жараша КМ ЕККУну басылмаларда, эл алдына чыгып сүйлөгөндө жана басма-сөздөрдө же ушуга окшош жалпыга маалымдоо каражаттарында белгилеп кетүүсү зарыл.
9-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Ушул Макулдашууга карата келип чыккан же ага байланышкан талаш-тартыштар Меморандумдун 13-беренесине ылайык жөнгө салынууга тийиш. Талаш-тартыш келип чыккан учурда Тараптар, мазмунунун окшоштугу Тараптар тарабынан бышыкталган Макулдашуунун кыргыз, орус жана англис тилдериндеги версияларынын ушул Макулдашууга кол коюу учурунда өздөрүнө алган шарттарга, эскертмелерге жана милдеттенмелерге карата бирдей күчкө ээ болооруна макулдугун билдиришет. 10-берене. Артыкчылыктар жана иммунитеттер Бул Макулдашуудагы же ага байланыштуу эч бир нерсе Меморандумдун 14-беренесине ылайык ЕККУ жана/же анын персоналы колдонгон бардык артыкчылыктардан же иммунитеттерден баш тартуу катары каралбайт. 11-берене. Колдонулушун убактылуу токтотуу, токтотуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бул Макулдашуу эки Тарап кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Эгер Тараптардын бири Долбоордун ийгиликтүү аякташына же анын максатына жетүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар же тоскоолдуктардын келип чыгуу коркунучу бар деп чечсе, экинчи Тарапты жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу ушул Долбоорго колдоо көрсөтүүнү токтотууга укуктуу. Ушул Тарап ошол эле же андан кийинки жазуу жүзүндөгү кабарлоо менен бул Долбоорго көмөктөшүүнү жандандырууга даяр болгон шарттарды билдире алат. Ушул сыяктуу каалагандай убактылуу токтотуу мындай шарттар экинчи Тарапка ыңгайлуу болгонго чейин улана берет, ал эми экинчи Тарап өз учурунда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген жазуу түрүндөгү кабарлоону жөнөтүшү керек.
3. Ишке ашырууну улантуу үчүн кыйынчылык туудурган же коркунуч жараткан жагдайлар (форс-мажор) пайда болгон учурда Тараптар бүтүндөй Долбоорду же анын бөлүгүн ишке ашырууну убактылуу токтото алышат. Эгер бул Макулдашуу 11-берененин 4-пунктуна ылайык токтотулбаса, анда Тараптар убактылуу токтотуунун мезгилин кыскартууга аракет кылып, Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын жана мүлктүн коопсуздугу жана сактыгы кепилденген жана мүмкүн болгон учурда Долбоорду ишке ашырууну жандандырышы керек. Убактылуу токтотуунун мезгили Долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Макулдашууда белгиленген мөөнөттөргө кошулат.
4. Эгерде Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири жагынан 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндөгү кабарлоону берүү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулбаса, анда ал ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык күчүнө кирет.
5. Ушул Макулдашууга кандай гана өзгөрүүлөр киргизилбесин эки Тараптын жазуу жүзүндөгү жактыруусуна жараша болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча шарттарды, анын ичинде донор-мамлекеттер атайын сурап ала турган шарттарды Тараптар жазуу жүзүндө бекитүүгө тийиш.
Бишкек шаарында _______________ бирдей эки аутенттүү нускаларда, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун атынан
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары менен түздөн-түз иштеген аскер кызматчыларына тренингдерди өткөрүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча МАКУЛДАШУУ ЕККУ долбоору № 5300431 Бул Макулдашуу (мындан ары - "Макулдашуу") чогуу алганда "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Макулдашууну ишке ашырууга ыйгарым укуктуу орган катары аныкталган, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 26 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - "КМ") менен Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү, 6 дареги боюнча жайгашкан ЕККУнун Бишкектеги Борбору аркылуу көрсөтүлгөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (мындан ары - "ЕККУ") ортосунда түзүлдү. Бул Макулдашуу 2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - "Меморандум") алкагында түзүлгөн жана төмөнкү 1-беренеде келтирилген долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук негиз болот. Долбоордун ишке ашырылышындагы финансылык жана административдик контролдоону ЕККУ ишке ашырат. Бирок, долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан бардык жалпы административдик маселелер КМ менен талкууланат жана макулдашылат. Долбоорду ишке ашыруунун мониторингин КМ жана ЕККУ жүргүзөт. КМнын аскер кызматчыларына жана кызматчыларына же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка өкүлдөрүнө ушул долбоорго катышкандыгы үчүн эч кандай финансылык компенсация (эмгек акы) каралбагандыгын түшүнүшөт жана макул экендигин Тараптар билдиришет. Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Долбоор "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары менен түздөн-түз иштеген аскер кызматчыларына тренингдерди өткөрүү" долбоорун (мындан ары - "Долбоор") ишке ашыруунун алкагында жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары (мындан ары - "ЖОК жана КОЗ") менен түздөн-түз иштеген жана алардын физикалык коопсуздугу жана башкаруу үчүн жооптуу КМнын аскер кызматкерлери үчүн тренингдерди өткөрүү каралган. Курстар коопсуздуктун жалпы деңгээлин жогорулатууга багытталган. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын түштүк жана түндүк региондорунда тренингдерди өткөрүү каралган. КМнын 70 аскер кызматкерлери окутулат. КМнын билдирген каалоосун эске алуу менен АКШнын Коргоо министрлигинин Аскердик коркунучту кыскартуу боюнча агенттиги КМнын аскер кызматкерлери үчүн жогоруда аталган тематика боюнча бир жумалык курстарды өткөрөт. Бул Долбоор Меморандумга ылайык ЕККУ тарабынан иштеп чыккан жана КМ менен макулдашылган Кыргыз Республикасындагы жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программанын (мындан ары - "Программа") курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Долбоордун бюджети 30645 (отуз миң алты жүз кырк беш) еврону түзөт. Долбоордун бюджети Тараптардын макулдугу менен көбөйүүсү же азаюусу мүмкүн. Ушундай өзгөртүүлөргө төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- валюта курстарынын өйдө-ылдый болушу;
- негизги пландалган жумуштарды же иш-чараларды аткаруунун алдында кошумча жумуштар талап кылынган учурлардын пайда болушу;
- Долбоордун жыйынтыгына түз таасирин тийгизген башка олуттуу шарттар.
Бул Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси КМ менен макулдашуу боюнча ЕККУ тарабынан аныкталат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашылган пландар ЕККУ жана КМ тарабынан жумуш иретинде аныкталат жана зарылдыгына жараша түзөтүлөт. 2-берене. Долбоордун колдонуу мөөнөтү жана өнөктөштүктүн жалпы узактыгы Долбоорду ишке ашыруу Тараптар Макулдашууга кол койгон учурдан башталат жана Долбоордун иш-чаралары үчүн финансылык каражаттар жетиштүү болгон шартта 2015-жылдын 31-декабрында бүтөт. Долбоордун бардык иш-чараларын ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар жетишсиз болгон учурда, иш-чараларды ишке ашыруу жетиштүү финансылык каражаттар менен камсыздоого чейин автоматтык түрдө токтотулат. Долбоорду ишке ашырууну аяктоо үчүн мөөнөттөрдү узартуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, мындай узартуу Тараптардын эки тараптуу макулдугу боюнча гана жана эки Тарап тийиштүү түрдө аткарышы керек болгон өзүнчө протоколду түзүү жолу менен ушул Макулдашууга түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу берилет. 3-берене. Тараптардын жалпы милдеттери
1. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде КМ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- ЖОК жана КОЗ менен түздөн-түз иштеген КМнын тиешелүү сандагы аскер кызматчыларынын тренингдерге катышуусун камсыздоого;
- ЕККУ тарабынан тиешелүү административдик талаптардын аткарылышын камсыздоо максатында тренингдердин катышуучуларынын маалыматтарын (аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду) берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык практикалык сабактарды жүргүзүү учурунда тренингдердин катышуучуларын ЖОК жана КОЗ кампаларына киргизүүнү камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗ менен иштөө учурунда ээ болгон билимди андан ары колдонууну, аларды окуу программаларга бекитүүнү жана КМнын тиешелүү аскер кызматчыларын окутууну өз ыктыяры боюнча камсыздоого.
- Долбоорду ишке ашыруунун бардык этабында ЕККУга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыздоого.
2. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЕККУ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- Долбоордун ишке ашуусун каржылоону, жалпы программалык администрациялоону жана контролдоону камсыздоого;
- КМ менен бардык пландалган долбоордук иш-чаралар боюнча тыгыз координациялоону жана макулдашууну камсыздоого;
- Долбоорго ылайык тренингдерди өткөрүүнү уюштурууга;
- тренингдерди өткөрүү үчүн эксперттердин келүүсүн уюштурууга жана камсыздоого;
- тренингдерди өткөрүү үчүн жай берүүгө;
- тренингдерди өткөрүү убагында ырааттуу котормону камсыздоого;
- Долбоорду ишке ашыруу мониторингин жүргүзүүгө.
4-берене. Персоналга болгон талаптар
1. КМ өзү тараптан Долбоорду ишке ашыруучу жооптуу аскер кызматчыларын жана кызматчыларды дайындоо милдетин алат жана ушул адамдарга түздөн-түз иш берүүчү болушу керек. КМ Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле эмгек иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыздоого милдеттенет.
2. Бул адамдар КМнын жетекчилиги жана жоопкерчилиги алдында иштеши керек, ал өзүнүн өкүлдөрү тарабынан аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн толугу менен жооп берет. Долбоорду ишке ашыруу боюнча КМ тарабынан иштеген өкүлдөр үчүн ЕККУ жоопкерчилик албайт.
3. Окутуу үчүн тандап алынган КМнын аскер кызматкерлеринин квалификациясы өткөрүлө турган тренингдердин тематикасына шайкеш болушу зарыл. Мындан сырткары аталган адамдар программалык камсыздоону колдонуу менен жеке компьютерде иштөө көндүмдөрүнө ээ болуусу зарыл.
5-берене. Отчеттуулук жана контролдоо
1. Меморандумга ылайык ЕККУдан жана/же донор-мамлекеттерден финансылык жана/же башка материалдык каражаттарды алуунун жыйынтыгы боюнча КМ кварталдык орто-аралык отчетторду түзүп ЕККУга берүүгө милдеттенет. Ошондой эле КМ Долбоор ишке ашырылып бүткөндөн кийин 31 (отуз бир) күндүн ичинде ЕККУга берүү үчүн деталдуу толук отчетторун даярдайт.
2. Деталдуу толук отчет төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Долбоордун максаттарын кыскача баяндоо;
- аткарылган долбоордук иштерди кыскача баяндоо;
- жетишилген максаттар жөнүндө маалымат;
- Долбоорду баалоо; пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;
- Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы.
Отчет орус тилинде берилиши керек.
3. ЕККУ же бул Долбоордун донор-мамлекети Долбоордун ишке ашырылышына жыйынтыктоочу контролдоо жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындоого укуктуу.
6-берене. Текшерүү Зарылдыгына жараша КМ ЕККУга жана кызыкдар болгон подрядчиктерге Долбоорго тиешелүү болгон ар кандай отчетторду, карталарды, эсептерди, жазууларды, арыздарды, документтерди жана башка жашыруун эмес маалыматтарды кыска мөөнөттө берүүгө милдеттенет. 7-берене. Колдонулушун убактылуу токтотуу, токтотуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бул Макулдашуу эки Тарап кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Эгер Тараптардын бири Долбоордун ийгиликтүү аякташына же анын максатына жетүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар же тоскоолдуктардын келип чыгуу коркунучу бар деп чечсе, экинчи Тарапты жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу ушул Долбоорго колдоо көрсөтүүнү токтотууга укуктуу. Ушул Тарап ошол эле же андан кийинки жазуу жүзүндөгү кабарлоо менен бул Долбоорго көмөктөшүүнү жандандырууга даяр болгон шарттарды билдире алат. Ушул сыяктуу каалагандай убактылуу токтотуу мындай шарттар экинчи Тарапка ыңгайлуу болгонго чейин улана берет, ал эми экинчи Тарап өз учурунда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген жазуу түрүндөгү кабарлоону жөнөтүүсү керек.
3. Ишке ашырууну улантуу үчүн кыйынчылык туудурган же коркунуч жараткан жагдайлар (форс-мажор) пайда болгон учурда Тараптар бүтүндөй Долбоорду же анын бөлүгүн ишке ашырууну убактылуу токтото алышат. Эгер бул Макулдашуу 11-берененин 4-пунктуна ылайык токтотулбаса, анда Тараптар убактылуу токтотуунун мезгилин кыскартууга аракет кылып, Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын жана мүлктүн коопсуздугу жана сактыгы кепилденген жана мүмкүн болгон учурда Долбоорду ишке ашырууну жандандырышы керек. Убактылуу токтотуунун мезгили Долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Макулдашууда белгиленген мөөнөттөргө кошулат.
4. Эгерде Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири жагынан 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндөгү кабарлоону берүү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулбаса, анда ал ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык күчүнө кирет.
5. Ушул Макулдашууга кандай гана өзгөрүүлөр киргизилбесин эки Тараптын жазуу жүзүндөгү жактыруусуна жараша болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча шарттарды, анын ичинде донор-мамлекеттер атайын сурап ала турган шарттарды Тараптар жазуу жүзүндө бекитүүгө тийиш.
Бишкек шаарында ______________ бирдей эки аутенттүү нускаларда, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун атынан
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы "Кыргыз Республикасында жеңил ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын ашыкчаларын жок кылуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча МАКУЛДАШУУ ЕККУ долбоору № 5300431 Бул Макулдашуу (мындан ары - "Макулдашуу") чогуу алганда "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Макулдашууну ишке ашырууга ыйгарым укуктуу орган катары аныкталган, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 26 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - "КМ") менен Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү, 6 дареги боюнча жайгашкан ЕККУнун Бишкектеги Борбору аркылуу көрсөтүлгөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (мындан ары - "ЕККУ") ортосунда түзүлдү. Бул Макулдашуу 2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запастары боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - "Меморандум") алкагында түзүлгөн жана төмөнкү 1-беренеде келтирилген долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук негиз болот. Долбоордун ишке ашырылышындагы финансылык жана административдик контролдоону ЕККУ ишке ашырат. Бирок, долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан бардык жалпы административдик маселелер КМ менен талкууланат жана макулдашылат. Долбоорду ишке ашыруунун мониторингин КМ жана ЕККУ жүргүзөт. Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Долбоор "Кыргыз Республикасында жеңил ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын ашыкчаларын жок кылуу" долбоорун (мындан ары - "Долбоор") ишке ашыруунун алкагында жеңил ок агуучу куралдын (мындан ары - "ЖОК") ашыкчаларын, атап айтканда атайын жабдуунун (мындан ары - "жабдуу") жардамы менен майдалоо аркылуу 2000 чейин бирдиктеги жеңил ок атуучу куралдын ашыкчаларын жана кадимки ок-дарылардын запастарынын ашыкчаларын, атап айтканда 51 (элүү бир) бирдик көчмө зениттик-ракеталык комплексти (мындан ары - "КЗРК") жана 97 (токсон жети) танкага каршы башкарылуучу ракетаны (мындан ары - "ТКБР") КМнын атайын полигондорунда ачык жардыруу жолу менен жок кылуу каралган. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасына жабдуу берилет жана ЖОК жана КОЗдун ашыкчаларын жок кылуу үчүн улуттук потенциалды түзүүчү өздүк курамды тийиштүү окутуу жүргүзүлөт. Колго жасалган жардыруу түзүлүштөрүн зыянсыздандыруу боюнча улуттук потенциалды бекемдөө тийиштүү жабдууну берүү жана персоналды окутуу менен ишке ашырылат. Бул Долбоор Меморандумга ылайык ЕККУ тарабынан иштеп чыгылган жана КМ менен макулдашылган Кыргыз Республикасындагы ЖОК жана КОЗ коопсуздукту чыңдоо жана башкарууну өркүндөтүү боюнча программанын (мындан ары - Программа) курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Долбоордун бюджети 144620 (жүз кырк төрт миң алты жүз жыйырма) еврону түзөт. Долбоордун бюджети Тараптардын макулдугу менен көбөйүүсү же азаюусу мүмкүн. Ушундай өзгөрүүлөргө төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- валюта курстарынын өйдө-ылдый болушу;
- рыноктогу курулуш, подряддык, ижаралык жана башка кызматтардын баасынын көтөрүлүшү;
- материалдарды сатып алуу бааларынын көтөрүлүшү;
- негизги пландалган жумуштарды же иш-чараларды аткаруунун алдында кошумча жумуштар талап кылынган учурлардын пайда болушу;
- Долбоордун жыйынтыгына түз таасирин тийгизген башка олуттуу шарттар.
Бул Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарлардын, жабдуулардын, буюмдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси КМ менен макулдашуу боюнча ЕККУ тарабынан аныкталат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашылган пландар ЕККУ жана КМ тарабынан жумуш иретинде аныкталат жана зарылдыгына жараша түзөтүлөт. 2-берене. Долбоордун колдонуу мөөнөтү жана өнөктөштүктүн жалпы узактыгы Долбоорду ишке ашыруу Тараптар Макулдашууга кол койгон учурдан башталат жана Долбоордун иш-чаралары үчүн финансылык каражаттар жетиштүү болгон шартта 2015-жылдын 31-декабрында бүтөт. Долбоордун бардык иш-чараларын ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар жетишсиз болгон учурда, иш-чараларды ишке ашыруу жетиштүү финансылык каражаттар менен камсыздоого чейин автоматтык түрдө токтотулат. Долбоорду ишке ашырууну аяктоо үчүн мөөнөттөрдү узартуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, мындай узартуу Тараптардын эки тараптуу макулдугу боюнча гана жана эки Тарап тийиштүү түрдө аткарышы керек болгон өзүнчө протоколду түзүү жолу менен ушул Макулдашууга түзөтүүлөрдү киргизүү берилет. 3-берене. Тараптардын жалпы милдеттери
1. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде КМ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- ЕККУнун колдоосунда Долбоордун алкагында каралган жабдуу үчүн Техникалык тапшырманы иштеп чыгууга;
- жабдууну орнотуу үчүн жайды ЕККУ менен макулдашууга жана берүүгө;
- ЕККУ өткөргөн тренингдерге КМнын тийиштүү аскер кызматчыларынын катышуусун камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗду жок кылууну өткөрүү жерлерине ЕККУнун эл аралык эксперттеринин, Долбоорду ишке ашыруучу ЕККУнун кызматчыларынын кирүүсүн камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗду жок кылуу боюнча иштерди регламенттөө боюнча жумуштарды жүргүзүүгө жана аны ведомстволор аралык деңгээлде колдонууну жана киргизүүнү камсыздоого;
- 51 (элүү бир) КЗРКны жана 97 (токсон жети) ТКБРди, 2000 (эки мин.) чейин бирдиктеги ашыкча жеңил ок атуучу куралды жок кылууга;
- берилген жабдууну тийиштүү колдонууну жана жумушчу абалда сактоону камсыздоого;
- жок кылынган ЖОК жана КОЗду каттоону жүргүзүүгө;
- Долбоорду ишке ашыруунун бардык этабында ЕККУга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыздоого;
- Меморандумда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.
2. Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЕККУ төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
- Долбоордун ишке ашуусун каржылоону, жалпы программалык администрациялоону жана контролдоону камсыздоого;
- КМ менен бардык пландалган долбоордук иш-чаралар боюнча тыгыз координациялоону жана макулдашууну камсыздоого;
- ЖОК жана КОЗду жок кылуу өтө турган КМ полигондорун коопсуздуктун эл аралык стандарттарына шайкештигин баалоону өткөрүүгө;
- жеңил ок атуучу куралдын запастарын майдалоо боюнча жабдууларды берүүнү камсыздоого;
- саперлор үчүн коргоочу костюмдарды берүүнү камсыздоого;
- кооптуу предметтерди алуу үчүн сапердун кесиптик топтомун берүүнү камсыздоого;
- дүрмөттөрдү аралыктан детонациялоо үчүн жабдууларды берүүнү камсыздоо;
- ЖОК жана КОЗду жок кылууда КМге келтирилген түз чыгымдарды төлөөгө;
- Долбоорду ишке ашыруу мониторингин жүргүзүүгө;
- Меморандумда каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Тараптардын милдеттенмелери:
КМнын аскер кызматчыларына жана кызматчыларына же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка өкүлдөрүнө ушул Долбоорго катышкандыгы үчүн эч кандай финансылык компенсация (эмгек акы) каралбагандыгына түшүнүүсүн жана макул экендигин Тараптар билдиришет. 4-берене. Персоналга болгон талаптар
1. КМ өзү тараптан Долбоорду ишке ашыруучу жооптуу аскер кызматчыларынын жана кызматчыларды дайындоо милдетин алат жана ушул адамдарга түздөн-түз иш берүүчү болушу керек. КМ Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле эмгек иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыздоого милдеттенет.
2. Бул адамдар КМнын жетекчилиги жана жоопкерчилиги алдында иштеши керек, ал өзүнүн өкүлдөрү тарабынан аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн толугу менен жооп берет. Долбоорду ишке ашыруу боюнча КМ тарабынан иштеген өкүлдөр үчүн ЕККУ жоопкерчилик албайт.
3. КМ тарабынан Долбоорду ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон адамдар КМ тарабынан тандалышы керек. Тандалган өкүлдөр Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн тийиштүү билимге жана жөндөмгө ээ болушу зарыл. Долбоорду ишке ашырууга тартылган өкүлдөр Долбоорду ишке ашырууга карата кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөсүнө КМ кепилдик бериши керек.
5-берене. Отчеттуулук жана контролдоо
1. Меморандумга ылайык ЕККУдан жана/же донор-мамлекеттерден финансылык жана/же башка материалдык каражаттарды алуунун жыйынтыгы боюнча КМ кварталдык орто-аралык отчетторду түзүп ЕККУга берүүгө милдеттенет. Ошондой эле КМ Долбоор ишке ашырылып бүткөндөн кийин 31 (отуз бир күн) күндүн ичинде ЕККУга берүү үчүн деталдуу толук отчетторун даярдайт.
2. Деталдуу толук отчет төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Долбоордун максаттарын кыскача баяндоо;
- аткарылган долбоордук иштерди кыскача баяндоо;
- жетишилген максаттар жөнүндө маалымат;
- Долбоорду баалоо; пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;
- Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы.
3. Отчет орус тилинде берилиши керек.
4. ЕККУ же бул Долбоордун донор-мамлекети Долбоордун ишке ашырылышына жыйынтыктоочу контролдоо жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындоого укуктуу.
6-берене. Текшерүү Зарылдыгына жараша КМ ЕККУга жана кызыкдар болгон подрядчиктерге Долбоорго тиешелүү болгон ар кандай отчетторду, карталарды, эсептерди, жазууларды, арыздарды, документтерди жана башка жашыруун эмес маалыматтарды кыска мөөнөттө берүүгө милдеттенет. 7-берене. Жоопкерчилик Долбоордун алкагында пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу, жоопкерчиликке тартуу менен байланышкан маселелер, доо маселелери, ар түрдүү мүнөздөгү дооматтар, талаптар Меморандумдун 10-беренесине ылайык жөнгө салынат. 8-берене. Интеллектуалдык менчикке болгон укук
1. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө, ошондой эле ага карата өндүрүлгөн ар бир предметке, өндүрүлгөн жана түзүлгөн ойлоп табууга же бардык отчетторго жана документтерге карата бардык укуктар, аталыштар жана кызыкчылыктар, анын ичинде чектөөлөрсүз бардык автордук укуктар жана патенттер, өнөр жай жана интеллектуалдык менчик укуктары ЕККУга гана өткөрүп берилиши керек. Бул предметтерди кандай гана болбосун колдонуу ЕККУнун алдын-ала жактыруусун талап кылат.
2. КМ ЕККУнун атын жана логотибин Долбоор менен байланышта гана жана ЕККУнун алдын-ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен колдоно алат.
3. Долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди ЕККУ тарабынан каржылоо Долбоордун алкагында даярдалган бардык басма материалдарында белгилениши керек. Ылайыгына жараша КМ ЕККУну басылмаларда, эл алдына чыгып сүйлөгөндө жана басма-сөздөрдө же ушуга окшош жалпыга маалымдоо каражаттарында белгилеп кетүүсү зарыл.
9-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Ушул Макулдашууга карата келип чыккан же ага байланышкан талаш-тартыштар Меморандумдун 13-беренесине ылайык жөнгө салынууга тийиш. Талаш-тартыш келип чыккан учурда Тараптар мазмунунун окшоштугу Тараптар тарабынан бышыкталган Макулдашуунун кыргыз, орус жана англис тилдериндеги версияларынын ушул Макулдашууга кол коюу учурунда өздөрүнө алган шарттарга, эскертмелерге жана милдеттенмелерге карата бирдей күчкө ээ болооруна макулдугун билдиришет. Макулдашуунун версияларынын котормосу дал келбей калган учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот. 10-берене. Артыкчылыктар жана иммунитеттер Бул Макулдашуудагы же ага байланыштуу эч бир нерсе Меморандумдун 14-беренесине ылайык ЕККУ жана/же анын персоналы колдонгон бардык артыкчылыктардан же иммунитеттерден баш тартуу катары каралбайт. 11-берене. Колдонулушун убактылуу токтотуу, токтотуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бул Макулдашуу эки Тарап кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Эгер Тараптардын бири Долбоордун ийгиликтүү аякташына же анын максатына жетүүгө тоскоолдук кылган же тоскоолдуктардын келип чыгуу коркунучун келтирген жагдайлар бар деп чечсе, экинчи Тарапты жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу ушул Долбоорго колдоо көрсөтүүнү токтотууга укуктуу. Ушул Тарап ошол эле же андан кийинки жазуу жүзүндөгү кабарлоо менен бул Долбоорго көмөктөшүүнү жандандырууга даяр болгон шарттарды билдире алат. Ушул сыяктуу каалагандай убактылуу токтотуу мындай шарттар экинчи Тарапка ыңгайлуу болгонго чейин улана берет, ал эми экинчи Тарап өз учурунда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген жазуу түрүндөгү кабарлоону жөнөтүүсү керек.
3. Ишке ашырууну улантуу үчүн кыйынчылык туудурган же коркунуч жараткан жагдайлар (форс-мажор) пайда болгон учурда Тараптар бүтүндөй Долбоорду же анын бөлүгүн ишке ашырууну убактылуу токтото алышат. Эгер бул Макулдашуу 11-берененин 4-пунктуна ылайык токтотулбаса, анда Тараптар убактылуу токтотуунун мезгилин кыскартууга аракет кылып, Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын жана мүлктүн коопсуздугу жана сактыгы кепилденген жана мүмкүн болгон учурда Долбоорду ишке ашырууну жандандырышы керек. Убактылуу токтотуунун мезгили Долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Макулдашууда белгиленген мөөнөттөргө кошулат.
4. Эгерде Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири жагынан 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндөгү кабарлоону берүү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулбаса, анда ал ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык күчүнө кирет.
5. Ушул Макулдашууга кандай гана өзгөрүүлөр киргизилбесин эки Тараптын жазуу жүзүндөгү жактыруусуна жараша болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча шарттарды, анын ичинде донор-мамлекеттер атайын сурап ала турган шарттарды Тараптар жазуу жүзүндө бекитүүгө тийиш.
Бишкек шаарында _______________ бирдей эки аутенттүү нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун атынан
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.