# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 570-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б буйругуна өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 570-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б буйругуна өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 570-р
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14112/edition/603272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 570-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б буйругуна өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө) буйругу (12.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214182

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 12-декабрындагы № 570-б Ош шаарынын жана Ош облусунун Кең-Сай жана Ачы жаңы конуштарын долбоорлоо жана куруу иштерин аяктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: 1-пункттун биринчи абзацындагы "инфратүзумүн өнүктүрүүнүн" деген сездөрдөн кийин "жана бул жаңы конуштардын аймагында 110 кВ электр өткөрүүчү линиясы менен 110/35/10 кВ көмөк чордонун куруунун" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин;

"- 3 110 000 (үч миллион бир жүз он миң) АКШ доллары - Кең-Сай жана Ачы жаны конуштарынын аймагына 110 кВ электр өткөрүүчү линиясы менен 110/35/10 кВ көмөк чордонун курууга;". 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "- курулуш иштеринин план-графиги жана ушул буйруктун 2-пунктунда аталган каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчёт ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте берилсин;".

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
