Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Өз убагында даярдалышын жана өткөрүлүшүн камсыздоо максаты жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 24-ноябры № 520-б 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата иш-чаралардын өз убагында даярдалышын жана өткөрүлүшүн камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрында № 492-6 буйругу менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча 2014-2015-жылдарга карата иш-чаралар планынын (мындан ары-Иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы эске алынсын.
2. Иш-чаралар планын аткарууга катышкан мамлекеттик органдар:
- иш-чаралардын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылышсын;
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларды маалыматтык чагылдыруу боюнча ишти активдештиришсин;
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жылына берилүүчү бир жолку акчалай жөлөкпүлдүн өлчөмүн жогорулатуу боюнча маселени иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте «И.В.Панфилов атындагы 8-мото аткычтар гвардиялык дивизиясы» деген китепти кайрадан басып чыгаруу үчүн акча каражатын тапсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен бирдикте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан өлкөлөрдүн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 70 жылдыгына арналган эл аралык иш-чараларына, анын ичинде Москва шаарындагы Жеңиш Парадына катышуусун камсыздоо боюнча уюштуруу иш-чараларын иштеп чыксын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча):
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын Иш-чаралар планын аткаруу боюнча иштерин координациялашсын;
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүп, мында жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча материалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле кайрымдуулуктун негизинде үйүндө тиричилик жактан тейлөөнү уюштурууга өзгөче көңүл бурушсун;
-Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында эрдик жана баатырдык көрсеткөн Кьфгызстандыктар жөнүңдө элести сактоо жана түбөлүккө калтыруу, жаш муундарда жарандык мекенчилдикти, ардагерлердин фашизмге карты күрөштөгү улуу эрдиги үчүн сыймыктануу сезимин тарбиялоо үчүн эл арасында туруктуу негизде иш жүргүзүшсүн;
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган мемориалдык комплекстердин, эстеликтердин жана обелисктердин сакталышы боюнча иш-чараларды туруктуу негизде камсыздашсын.
7. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилери Иш-чаралар планынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болушаары белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарга менчигинин түрүнө карабастан 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүү сунушталсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 492-б (1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдануу боюнча 2014-2015-жылдарга карата…Распоряжение · 16.12.2013 · № 492-р · Күчүн жоготкон