Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Окмотунун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатикалык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 3-декабры № 549-б Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын дипломатиялык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара барып-келүү тартибин жөнгө салуу максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Т.Сарпашев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү (мындан ары - "Тараптар"), эки тараптуу мамилелерди жана өз ара кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү ниетинде, эки мамлекеттин анык дипломатиялык паспортторуна ээ болгон жарандарын бири-биринин мамлекеттеринин аймактарында болууга керектүү болгон кирүү визасын алуу талаптарынан бошотууга өз ара даяр экендиктерин билдиришип, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык катнаштар жөнүндө Вена конвенциясын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук катнаштар жөнүндө Вена конвенциясын эске алуу менен, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене.
1. Эки Тарап бири-биринин мамлекеттеринин дипломатиялык паспортторго ээ болгон жарандарына өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарына кирүү визасы жок жана акча төлөбөстөн кирүүгө, чыгууга жана транзит менен өтүүгө уруксат беришет.
2. Бириккен Араб Эмираттары дипломатиялык паспортторго ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына өзүнүн мамлекетинин аймагында токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде болууга уруксат берет.
3. Кыргыз Республикасы дипломатиялык паспортторго ээ болгон Бириккен Араб Эмираттарынын жарандарына анын аймагында токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде болууга уруксат берет.
2-берене.
1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындагы дипломатиялык же консулдук мекемелерине дайындалган ар бир Тараптын анык дипломатиялык паспортторунун ээлери бүткүл иш мөөнөтүнүн ичинде экинчи Тараптын аймагына визасы жок кирүүгө, ал аймакта болууга жана андан чыгууга укуктуу болот.
2. Ушул сыяктуу эрежелер 2-берененин 1-пунктунда аталган анык дипломатиялык паспортторго ээ болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата колдонулат.
3-берене. Бул Макулдашууга ылайык белгиленген виза талаптарынан бошотуу ар бир Тараптын анык дипломатиялык паспортторунун ээлерин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындагы мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо милдеттеринен бошотпойт. 4-берене. Ар бир Тарап экинчи Тараптын анык дипломатиялык паспортторунун ээлерин, эгерде алар жагымсыз деп эсептелсе, өзүнүн мамлекетинин аймагына киргизүүдөн баш тартууга же анын аймагында болуусун токтотууга укуктуу. 5-берене.
1. Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган паспорттордун үлгүлөрү менен ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде алмашат.
2. Эгерде Тараптардын бири бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган паспорттордун жаны үлгүлөрүн киргизе турган болсо, ал Тарап экинчи Тарапка бул үлгүнү пайдаланууга киргизүүгө чейин кеминде отуз (30) күндөн кечиктирбестен аларды дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтөт.
6-берене. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу анын колдонулушун токтото алат. Мындай учурда Макулдашуунун колдонулушу аталган жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып токсон (90) күн өткөндөн кийин токтойт. 7-берене.
1. Тараптардын ар бири коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу же калктын ден соолугун сактоо себептеринен улам бул Макулдашуунун колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай убактылуу токтото алат.
2. Убактылуу токтотуу экинчи Тарапка бул жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу тиешелүү билдирүү жөнөтүлгөндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8-берене. Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жана колдонуунун жүрүшүндө келип чыккан бардык пикир келишпестиктер Тараптар тарабынан дипломатиялык каналдар боюнча сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет. 9-берене. Тараптардын жазуу түрүндөгү өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай түзөтүүлөр ушул Макулдашуунун 10-беренесине ылайык күчүнө кирет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. 10-берене. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптар аяктагандыгы тууралуу жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү Тараптардын бири алган күндөн тартып күчүнө кирет. ______________ шаарында, 2014-жылдын "__" __________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Макулдашуунун англис тилиндеги тексти артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ о консульских сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1408-XII)Конвенция · 24.04.1963
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ № 1138 о дипломатических сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1407-XII)Конвенция · 18.04.1961