# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 531-б (Коррупциялык корунуштордун алдын-алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максаты жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 531-б (Коррупциялык корунуштордун алдын-алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максаты жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 531-р
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14049/edition/597191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 531-б (Коррупциялык корунуштордун алдын-алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максаты жөнүндө) буйругу (28.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214117

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 28-ноябры № 531-б Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын-алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Коррупцияга карты аракетгенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик бийликтин башка органдары штаттык сандын жана тийиштүү жылга каралган бюджеттик каражаттардын чегинде коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат ордун киргизишсин. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун типтүү жобосунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул буйрукту ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жуктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
