Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Коррупциялык корунуштордун алдын-алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максаты жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 28-ноябры № 531-б Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын-алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Коррупцияга карты аракетгенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик бийликтин башка органдары штаттык сандын жана тийиштүү жылга каралган бюджеттик каражаттардын чегинде коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат ордун киргизишсин. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун типтүү жобосунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул буйрукту ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жуктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз…Постановление · 30.03.2015 · № 170 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 08.08.2012 · № 153 · Күчүн жоготкон