# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 507-б (Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максаты жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 507-б (Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максаты жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 507-р
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214098>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14030/edition/603413/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214098.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 507-б (Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максаты жөнүндө) буйругу (17.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214098

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 17-ноябры № 507-б Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1-тиркемеге ылайык курамда экспедиция жиберилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин автотранспортту ижарага алуу, күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо жана товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу үчүн 3000000 (үч миллион) сом суммада каржыласын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2-тиркеме боюнча товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууну ишке ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 3-тиркемеге ьлайык товардык-материалдык баалуулуктарды брондон чыгарсын жана кийин белгиленген тартипте ордун толтурсун.

5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жүктү жеткирүүнү камсыз кылсын.

6. Экспедиция мүчөлөрүнүн Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чон Афган Памирине барышына байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен орду толтурулсун

7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн

Премьер-министр Тиркеме

Дж.К.Оторбаев

Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн экспедициянын курамы

Алымкулов Алисбек Толбашиевич

-Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри, экспедициянын жетекчиси;

Бакиров Мирлан Исакбекович

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Бараканова Салтанат Нурудиновна

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча);

Бектемиров Калмамат Джаныбекович

-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын улук офицери;

Рыскелдиев Алмаз Шаршеевич

-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам-нөөмөт кызматы башкармалыгынын начальниги;

Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич

-Кыргыз Республикасынын Афганистан Ислам Республикасын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Жумаев Зарип Урайымович

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өткөрмө пунктунун начальниги;

Борбугул кызы Айгуль

-Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин түштүк регион боюнча чет өлкөлүк жумушчу күч менен иштөө бөлүмүнүн начальниги;

Толонов Данияр Эрмекович

-Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин түштүк регион боюнча чет өлкөлүк жумушчу күч менен иштөө бөлүмүнүн начальниги;

Марипов Рашид Маматисакович

-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун врач-кардиологу;

Мырзалиева Индира Замировна

-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облустук бириккен ооруканасынын врач-гинекологу;

Султанкулова Сайкал Кубанычбековна

-Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын журналисти (макулдашуу боюнча);

Жанбеишов Медербек Сатылбиевич

-Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын оператору (макулдашуу боюнча);

Токтакунов Мухаммедали Нурмаматович

-"Азаттык плюс" программасынын журналисти (макулдашуу боюнча);

Жолдошбаев Жанарбек Абдымырзаевич

-"Азаттык плюс" программасынын оператору (макулдашуу боюнча);

Майрамбек уулу Канимет

-"Элим барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фондунун социалдык кызматкери (макулдашуу боюнча);

Тагаев Зайнидин Эргашевич

-Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кайрылмандар менен иштөө боюнча коомдук кеңешинин төрагасы;

Муратов Орозбек

-Бишкек шаарынын "Ыйман" жеке медициналык борборунун врачы (макулдашуу боюнча).

2-тиркеме

Товардык-материалдык баалуулуктардын тизмеги

№

Товардын аталышы

Саны (кг)

Баасы (сом)

Суммасы (сом)

1.

Кумшекер

10000

44,8

448000

2.

1-сорттогу буудай уну

30700

21

644700

Жыйынтыгы

1092700

3-тиркеме Товардык-материалдык баалуулуктардын тизмеги

№

Товардын аталышы

Саны (кг, даана)

Баасы (сом)

Суммасы (сом)

1.

2-сорттогу буудай уну

15000

13

195000

2.

Тамак-аш тузу

2000

4,8

9600

3.

Кир самын

1000

18,04

18040

Жыйынтыгы

222640
