# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 491-б (Кыргыз Республикасынын жана Европалык реконстукциялоо жана онүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык келишим жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 491-б (Кыргыз Республикасынын жана Европалык реконстукциялоо жана онүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык келишим жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 491-р
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214091>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14023/edition/597143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214091.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 491-б (Кыргыз Республикасынын жана Европалык реконстукциялоо жана онүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык келишим жөнүндө) буйругу (10.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214091

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 10-ноябры № 491-б Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-майындагы № 66 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган "Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализацияны реабилитациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык келишимди ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган, "Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализацияны реабилитациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык келишимге ылайык:

1.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясы менен белгиленген тартипте субкредиттик макулдашууну төмөнкү шарттарда түзсүн:

насыянын суммасын милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо менен (насыялык жана грант каражатынын эсебинен сатып алынган жабдуулар жана башка мүлктөр түрүндө) 1,5 млн евро өлчөмүндө белгилөө; -насыяны пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен - Euribor + 2,5%; -пайыздарды төлөөнүн мөөнөтү ар бир жылдын 21-апрели жана 21-сентябры; -насыянын негизги суммасы 24 барабар бөлүктө жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 21-апрелинде жана 21-сентябрында төлөнөт, мында насыяны төлөөнүн биринчи датасы - 2016-жылдын 21-сентябры жана акыркы датасы-2028-жылдын 21-сентябры; -насыяны өз убагында кайтарьп бербегендиги үчүн финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан тартып ушул карызды толук төлөгөн датаны кошкондо Euribor + жылдык 5% -насыянын өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5% өлчөмүндө комиссиялык төлөө; эсепти ачуу үчүн насыянын суммасынан 1% комиссия.

2.Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясына насыяны максаттуу пайдаланууну камсыздоо жана ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттуу шарттарга ылайык өз убагында кайтарып берүү сунушталсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
