# Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 506-б ("Ысык-Көл кемечилиги" өндурүштук бирикмеси жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 506-б ("Ысык-Көл кемечилиги" өндурүштук бирикмеси жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 506-р
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14021/edition/597139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 506-б ("Ысык-Көл кемечилиги" өндурүштук бирикмеси жөнүндө) буйругу (17.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214089

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 17-ноябры № 506-б Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Ысык-Көл кемечилиги" өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

-сүйрөөчү теплоходдорду жана жүк баржаларын оңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Ысык-Кел кемечилиги" өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасына (мындан ары - "Ысык-Кел кемечилиги" МИ) 5000000 (беш миллион) сом бюджеттик ссуда берсин; -"Ысык-Кел кемечилиги" МИ менен бюджеттик ссуданы төмөнкүдөй шарттарда кайтаруу боюнча карыздык милдеттенме түзсүн: кайтаруу мөөнөтү - квартал сайын бирдей төлөөлөр менен 2019-жылдын 1-сентябрына чейин; пайызсыз ссуда, күрөөлүк камсыздоону тариздебестен.

2. "Ысык-Көл кемечилиги" МИ:

-"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашырсын; -ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик ссуданын максаттуу пайдаланылышын жана кайтарылышын камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик ссуданын максаттуу пайдаланылышын жана кайтарылышын контролдоону камсыз кылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратьнын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана комуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
