Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын («Ысык-Көл кемечилиги» өндурүштук бирикмеси жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 17-ноябры № 506-б Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Ысык-Көл кемечилиги" өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
-сүйрөөчү теплоходдорду жана жүк баржаларын оңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Ысык-Кел кемечилиги" өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасына (мындан ары - "Ысык-Кел кемечилиги" МИ) 5000000 (беш миллион) сом бюджеттик ссуда берсин; -"Ысык-Кел кемечилиги" МИ менен бюджеттик ссуданы төмөнкүдөй шарттарда кайтаруу боюнча карыздык милдеттенме түзсүн: кайтаруу мөөнөтү - квартал сайын бирдей төлөөлөр менен 2019-жылдын 1-сентябрына чейин; пайызсыз ссуда, күрөөлүк камсыздоону тариздебестен.
2. "Ысык-Көл кемечилиги" МИ:
-"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашырсын; -ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик ссуданын максаттуу пайдаланылышын жана кайтарылышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик ссуданын максаттуу пайдаланылышын жана кайтарылышын контролдоону камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратьнын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана комуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон