Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору жактыруу жөнүндө) буйругу.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 5-ноябры № 483-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Күркүрөө-Суу-Маймак-Чолдала" темир жол участогунда мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
"Куркүрөө-Суу - Maймак - Чолдала" темир жол участогунда
мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
- 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүктүү достук жөнүндө Келишимди өнүктүрүүдө,
-Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы ынтымактуу кошуналык, достук жана кызматташтык мамилени өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, -төмөнкүлөр тууралуу макулдашты. 1-берене Тараптардын мамлекеттеринин аймагына "Маймак" темир жол :станциясы аркылуу "Күркүрөө-Суу - Маймак - Чолдала" темир жол участогу боюнча темир жол транспорту менен товарларды ташып өткөрүүнү контролдоо иши Тараптардын мамлекеттеринин улуттук «мыйзамдарын сактоого жетиштүү болгон бажы контролунун формаларын жана колдонуу менен ишке ашырылат, кыргыз-казак мамлекеттик чек 1расы аркылуу ташып өтүүгө тыюу салынган же чектелген товарларды кошпогондо. 2-берене "Күркүрөө-Суу - Маймак - Чолдала" темир жол участогу аркылуу темир жол транспорту менен товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан "Маймак" темир жол; станциясынан (станциясына), Казакстан Республикасынын аймагында «айгашкан "Жамбул" темир жол станциясына (станциясынан) ташып чыгууда/ташып кирүүдө Кыргыз Республикасынын бажы жана чек ара зедомстволорунун кызмат адамдары бажылык тариздөөнү, ошондой эле 'Маймак" темир жол станциясында бажы жана чек ара контролуна 5айланышкан аракеттерди ишке ашырышат. Кыргыз Республикасынын контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык контролдоого катышат. 3-берене "Күркүрөө-Суу - Маймак - Чолдала" темир жол участогу аркылуу темир жол транспорту менен товарларды жана транспорт каражаттарын Казахстан Республикасынын аймагында жайгашкан "Жамбул" темир жол станциясынан (станциясына), Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан "Маймак" темир жол станциясына (станциясынан) ташып чыгууда/ташып кирүүдө Казакстан Республикасынын бажы жана чек ара ведомстволорунун кызмат адамдары бажылык тариздөөнү, ошондой эле "Жамбул" темир жол станциясында бажы жана чек ара контролуна байланышкан аракеттерди ишке ашырышат. Казакстан Республикасынын контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары Казакстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык контролдоого катышат. 4-берене "Күркүрөө-Суу - Маймак - Чолдала" темир жол участогу боюнча темир жол транспортунун транзита менен өтүп жаткан товарлар, транспорт каражаттары, ошондой эле адамдар Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу тоскоолдуксуз жана токтоосуз өтөт. 5-берене Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдорду тариздөө жолу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 6-берене Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жонүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал бүткөндөн кийин Тараптардын бири аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө ушул Макулдашуунун кезектеги 5 жылдык мөөнөтү бүтөөрдөн 6 (алты) ай мурда жазуу жүзүндө билдирбесе, анын жарактуулугу кийинки 5 жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат. _______________шаарында 2014-жылы "____ "_____________кыргыз, казак жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, орус тилиндеги текст аныктоочу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.