# 9-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сертификациялоо

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 9-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-9

---

Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу, республиканын аймагына ташылып келинүүчү жана республикада ташылып кетилүүчү жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдардын баары милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды сертификациялоо боюнча иштерди уюштуруу белгиленген тартипте аккредиттелген орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Ырастоо сертификаты Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо үчүн негиз болуп саналат. (Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-10)
