# 6-статья. Сыйлык куралы

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2025 года № 215 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032727)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=10704..39289>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 6-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-6

---

Төмөнкүлөр сыйлык куралы деп таанылат:

- кортик;

- чолок кылыч же кылыч;

- найы кыска сайлуу тапанча;

- аңчылык ок атуучу курал;

- мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сыйлык грамотасынын же башка документтеринин негизинде берилген курал.

Сыйлык куралы менен төмөнкүлөр сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана мамлекеттик аскерлешкен ведомстволорунда кызматта турган, кызматтык-күжүрмөн иште өзгөчө айырмаланган офицердик курамдын адамдары;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана коопсуздугун чыңдоого өзгөчө салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлери.

Ысымы жазылган сыйлык куралы менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемеси менен бир жолудан ашык эмес жүзөгө ашырылат. Ысымы жазылган сыйлык куралы менен бир же андан көп жолу сыйлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен жүзөгө ашырылат. Коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери кортик, чолок кылыч же кылыч менен сыйлоону жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-октябрындагы № 215 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-7)
