# 4-статья. Кызмат куралы

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 16.11.2009 [Закон КР от 16 ноября 2009 года № 298 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/202632); 27.06.2002 [Закон КР от 27 июня 2002 года № 112 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «Об оружии»](https://aqlex.ai/kg/doc/1068)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 4-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-4

---

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аларга өзүн-өзү коргоо максаттарында же мыйзам тарабынан аларга жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоо боюнча, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын, баалуу жана кооптуу жүктөрдү, атайын корреспонденцияларды күзөтүү боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн көрсөтүлгөн куралды алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана ишканалар менен уюмдардын кызматкерлери тарабынан пайдалануу үчүн арналган курал кызмат куралына кирет. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аларга кызмат куралын пайдаланууга жана колдонууга байланыштуу милдеттер жүктөлгөн ишканалар менен уюмдар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар (мындан ары - өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар) болуп саналат. Кызматтык куралга найынын узундугу 400 миллиметрден ашкан сайсыз ок атуучу жана найдын оозунан чыгуу кубаты 300 джоулдан ашпаган сайлуу найы кыска курал, ошондой эле найдын оозунан чыгуу кубаты 150 джоулдан ашпаган кыйратуучу таасири чектелген ок атуучу курал кирет. Кызматтык сайлуу кыска найлуу курал кол менен атылуучу аскердик куралдан патрондорунун түрү жана өлчөмдөрү боюнча айырмаланууга тийиш. (КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 298, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-5)
