30-статья. Куралды сатууну контролдоо
Күчүндө · 15.10.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жана кызматтык куралды сатууну контролдоону ички иштер органдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жарандык жана кызматтык куралды чыгарууга лицензия берүүгө ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле мамлекеттик стандарттарды сактоого мамлекеттик көзөмөл жасоочу органдары жүзөгө ашырышат. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын куралдануусунда болгон куралды сатууну контролдоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат. Жарандык жана кызматтык куралды сатууну контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген органдардын кызмат адамдары:
- аны чыгарган, соодалаган, сактаган жана жок кылган жерлерде куралды кароону жүргүзүүгө;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин сатылып алынган жана ээлеринде мыйзамдуу негиздерде болгон куралды албаганда, Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынган куралды белгиленген тартипте акысыз алып коюуга жана жок кылууга;
- документтерди же алардын көчүрмөлөрүн, контролдук милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кат жүзүндөгү же оозеки маалыматты берүүнү юридикалык жактардан жана жарандардан талап кылууга;
- белгиленген эрежелерди бузуулар табылганда ал эреже бузууларды четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана кызмат адамдарынын аткарышы үчүн милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү талаптарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка чараларды көрүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""Редакцияларды салыштыруу
10.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…контролдоону ички иштер органдары жана Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан жарандык жана кызматтык куралды чыгарууга лицензия берүүгө … уюмдардын куралдануусунда болгон куралды сатууну контролдоо алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
Жарандык жана … мыйзамдары тарабынан каралган башка чараларды көрүүгө укуктуу.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/214/st-30" title="30-статья - Курал жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>