# 3-статья. Жарандык курал

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 3-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-3

---

Жарандар тарабынан өзүн-өзү коргоо максатында пайдалануу үчүн, спорт менен алектенүү жана аңчылыкка чыгуу үчүн арналган курал жарандык куралга кирет. Жарандык курал төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

1) өзүн-өзү коргоо куралы:

а) сайсыз, анын ичинде травмалык таасири бар патрондор менен атылуучу курал;

б) травмалык, газ жана жарык-үн аркылуу таасир этүүчү патрондор менен атылуучу найсыз курал;

в) кыйратуучу таасири чектелген атылуучу курал: тапанча, револьвер, травмалык таасир этүүчү, газ менен таасир этүүчү жана жарык-үн менен таасир этүүчү патрондору менен атылуучу найсыз түзүлүш;

г) мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келген чыгуу параметрлери бар электршок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтар;

2) спорттук курал:

а) ок атуучу сайлуу курал;

б) ок атуучу сайсыз курал;

в) атылбоочу курал;

г) найдын оозунан чыгуу кубаты 3 джоулдан жогору пневматикалык курал;

3) аңчылык курал:

а) ок атуучу сайлуу курал;

б) ок атуучу сайсыз, анын ичинде сайлуу жагынын узундугу 140 миллиметрден ашпаган курал;

в) ок атуучу комбинациялуу курал;

г) найдын оозунан чыгуу кубаты 25 джоулдан ашпаган пневматикалык курал;

д) атылбоочу курал;

4) белги берүүчү курал;

5) маданий жана окутуучулук максатта колдонулган курал:

а) маданий баалуулугу бар курал;

6) эзелки (антиквардык) курал;

в) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөлөрү;

г) эзелки (антиквардык) куралдын репликасы;

д) эсептен чыгарылган курал.

(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-4)
