# 29-статья. Куралды жана анын патрондорун алып коюу

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 06.03.2003 [Закон КР от 6 марта 2003 года №52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/1176)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 29-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-29

---

Куралды жана анын патрондорун алып коюу:

1) ички иштер органдары тарабынан:

- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга, аларды соодалоого, сатууга, ошондой эле куралды сатып алууга, сактоого же сактап жана алып жүрүүгө, коллекциялоого же көргөзмөгө коюуга уруксаттар лицензиялар жок болгондо;

- белгиленген тартипте көрсөтүлгөн лицензиялар жана уруксаттар жокко чыгарылганда;

- юридикалык жактар же жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана башка укук ченемдүү актыларында белгиленген куралды бирөөгө берүүнүн, сатып алуунун, коллекциялоонун, көргөзмөгө коюунун, каттоонун, эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, ташуунун, транспорт менен ташуунун жана колдонуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте биротоло чечим кабыл алынганга чейин бузулганда;

- баллистикалык жана башка техникалык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен ээси колго жасаган же оңдоп жасаган жарандык же кызматтык курал жана анын патрондору укук коргоо органдары тарабынан табылганда;

- жарандык куралдын менчик ээси мүлктү мурастоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин каза тапкан, ошондой эле мыйзамдуу негиздерде аскердик же кызматтык куралы бар жаран каза тапканда;

- юридикалык жак жоюлган учурларда;

2) өздөрүнүн кызмат укуктарынын чектеринде куралды кийин ички иштер органдарына өткөрүп берүү менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле аңчылыктын жана балык уулоочулуктун эрежелерин сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан жарандар айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурларда;

3) бажы органдары тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка учурларда жүргүзүлөт.

Куралды жана анын патрондорун алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Техникалык жактан пайдаланууга жарактуу алынып коюлган, ошондой эле конфискацияланган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык жана кызматтык куралды соодалоого лицензиясы бар юридикалык жактар аркылуу сатылат. (КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-28)  
Кийинки берене: [29-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-29-1)
