# 29-1-статья. Куралды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшыруу

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-29-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 29-1-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-29-1

---

Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды акы төлөнгөн же акысыз негизде өз ыктыяры менен тапшыра алышат. Ыктыярдуу тапшыруу деп адамдын куралды жана ок-дарыларды өз эрки менен берүүсүн же алардын турган жери жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүсүн түшүнүү керек. Адамды кармоодо, ошондой эле куралды жана ок-дарыларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу аларды ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт. Куралды жана ок-дарыларды ыктыярдуу тапшыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-29)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-30)
