# 26-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын куралды колдонушу

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205269)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 26-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-26

---

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүндөгү мыйзамдуу куралды аргасыз коргонгон шарттарда же өтө зарыл болгондо өмүрүн, ден соолугун жана менчигин коргоо үчүн колдоно алат. Куралды колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч түзгөн же башка оор кесепеттерге алып келүүчү учурларды эсепке албаганда, куралды колдонуу алдында ага каршы курал колдонула турган адамга бул жөнүндө даана билдирилген эскертүү болууга тийиш. Мындай абалда куралды аргасыз колдонуу үчүнчү жактарга зыян алып келбөөгө тийиш. Атылуучу куралды кош бойлуу аялдарга, майыптыктын даана белгилери бар адамдарга, курагы даана көрүнгөн же белгилүү болгон кезде жашы жетпегендерге, бул адамдар тарабынан куралдуу же болбосо топтошуп кол салынган учурларды эске албаганда, каршы колдонууга тыюу салынат. Куралды колдонуунун адамдын ден соолугуна зыян келтирилген ар бир учуру жөнүндө курал ээси бир суткадан кечиктирбестен курал колдонулган жердеги ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын аңчылары аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарын сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарактуу уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылык куралын аң уулоо үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук уюмдардын мүчөлөрү болуп эсептелген спортчулар аларга таандык эмес спорттук куралды анын ээси болуп саналган спорттук уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук жана аңчылык куралдарды пайдалануунун башка эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдардын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-27)
