# 24-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сактоо

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205269); 19.02.2010 [Закон КР от 19 февраля 2010 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/202921)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 24-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-24

---

Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сактоого ички иштер органдарынан куралды сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты алган юридикалык жактарга жана жарандарга уруксат берилет. Чет өлкөлөрдүн жарандарына Кыргыз Республикасында сатылып алынган жарандык жана кызматтык куралды сактоого уруксат ички иштер органдары сатып алууга берген уруксаттын негизинде беш күнгө гана берилет. (Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарга, аңчылык жана балык ресурстарын коргоо милдети жүктөлгөн ишканалар жана уюмдарга аңчылыктын жана балык улоонун эрежелерин бузгандардан алынып коюлган жана тиешелүү документтерди көрсөткөндөн жана аңчылык ресурстарына келтирилген зыян үчүн айыпты жана доону төлөгөндөн кийин аларды мыйзамдуу ээсине кайтарып берүүгө тийиш болгон атылуучу куралды убактылуу сактоого уруксат берилет. Жарандык жана кызматтык курал анын сакталышын, сакталышынын коопсуздугун камсыз кылуучу жана ага бөтөн адамдар кирбей турган шарттарда сакталууга тийиш. Жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун ар кандай түрлөрүн сактоонун шарттарына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2010-жылдын 19-февралындагы № 32, 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-25)
