# 21-статья. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдар тарабынан куралдардын сатылышы же өткөрүлүп берилиши

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 19.02.2010 [Закон КР от 19 февраля 2010 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/202921)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 21-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-21

---

Мамлекеттик аскерлешкен уюмдар өздөрүнүн куралдануусундагы атылуучу жана атылбас куралды жана анын патрондорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы бар юридикалык жактарга сатууга же өткөрүп берүүгө укуктуу. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери атылуучу найы кыска куралды аскер кызматчыларынын айрым категорияларына жана пенсиядагы мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын кызматкерлерине сактоо жана алып жүрүү үчүн берүүгө, ошондой эле мыйзам тарабынан куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте тиешелүү уруксатты жол-жоболоштуруу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте убактылуу берүүгө укуктуу. (КР 2010-жылдын 19-февралындагы № 32, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-22)
