# 20-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоо

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 18.04.2016 [Закон КР от 18 апреля 2016 года № 45 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111323); 11.10.2012 [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771); 06.03.2003 [Закон КР от 6 марта 2003 года №52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/1176)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 20-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-20

---

Курал жана ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого аларды чыгаруу лицензиясынын негизинде жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар, ошондой эле жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясынын негизинде соода кылуучу юридикалык жактар укуктуу. Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоого укуктуу юридикалык жактар:

- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга жана соодалоого тиешелүү уюштуруу жана каттоо документтери, лицензиялары болууга;

- сатып жаткан жарандык жана кызматтык куралга жана анын патрондоруна сертификаты, көрсөтүлгөн куралды сактоого ички иштер органдарынын уруксаты болууга;

- аны сатып алууга уруксат талап кылынбаган куралды кошпогондо, куралдын ошол түрүн сатып алууга уруксатты көрсөтүүнү сатып алуучудан талап кылууга;

- сатылып алынган жана сатылган куралдын эсебин камсыз кылууга, ошондой эле эсептик документтерди 10 жыл бою сактоого;

- сатылган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору, алардын сатып алуучулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан белгиленген форма боюнча маалыматтарды ай сайын ички иштер органдарына берип турууга;

- сатып алуучунун уруксатында сатыла турган ок атуучу куралды, газ куралын, кыйратуусу чектелген ок атуучу куралды, белги берүүчү куралды, атылбоочу куралды каттоого;

- куралдын сакталышын жана аны сактоодогу коопсуздугун камсыз кылууга;

- сатылган кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле кыйратуусу чектелген ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик ок жана гильза сактоочу жайга берүүгө.

(Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоочу юридикалык жактарга өз филиалдарын ачууга укук бербейт. (КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2016-жылдын 18-апрелиндеги № 45, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-21)
