# 18-статья. Курал жана анын патрондорун чыгаруу

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 97 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008766)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.06.2024 [Закон КР от 13 июня 2024 года № 97 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008766); 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 27.06.2002 [Закон КР от 27 июня 2002 года № 112 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «Об оружии»](https://aqlex.ai/kg/doc/1068)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219782..10704>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 18-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-18

---

Курал жана анын патрондорун чыгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте аларды чыгарууга лицензиясы бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Курал жана анын патрондорун чыгаруучу юридикалык жактар өндүрүштүн коопсуздугун, аны контролдоону, чыгарылуучу продукциянын тиешелүү сапатын жана анын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Курал чыгарууда, сатып өткөрүүдө жана оңдоодо, ошондой эле анын патрондорун чыгарууда жана сатып өткөрүүдө мамлекеттик стандарттарды сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат. Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен толтурулган механикалык бүрктүргүчтөрдү, аэрозолдук жана башка түзүлүштөрдү албаганда, жасалган куралдын ар бир даанасынын жеке номери болууга тийиш. Тажрыйбалык үлгүлөрдү албаганда, аскердик жарак мамлекеттик аскерлешкен уюмдарга жөнөтүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрел Кабинети тарабынан белгиленген тартипте башка мамлекеттерге жөнөтүү үчүн гана жасалат. Аңчылык сайсыз найлуу мылтыктын куралынын патрондорун дүрмөттөө, ошондой эле өңчөй коргошундун эритиндисинен бытыра жана картеч жасоо жана колдо бар материалдардан тыгын жасоо, аңчылык сайсыз мылтыкты сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар куралдын ээси тарабынан жеке өзүнө пайдалануу үчүн даярдалышы мүмкүн.

Спорттук ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар болгондо, спорттук ок атуучу сайлуу куралдын патрондорун дүрмөттөө расмий каттоодон өткөн спорттук уюмдардын мүчөлөрү тарабынан алардын жеке пайдалануусу үчүн даярдалышы мүмкүн. (КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115, 2024-жылдын 13-июнундагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-19)
