# 17-статья. Башка субъекттердин курал сатып алуу укугу

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 54 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111900); 06.03.2003 [Закон КР от 6 марта 2003 года №52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/1176); 18.02.2003 [Закон КР от 18 февраля 2003 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1165)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 17-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-17

---

Өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу үчүн куралды жана анын патрондорун изилдөөнүн, иштеп чыгуунун, сыноонун, жасоонун жана кооздоонун, ошондой эле буюмдарды окко туруштук берүүгө сыноодо иштеген юридикалык жактар өндүрүүгө лицензия жана ченемдик-техникалык документтер тарабынан каралган куралдын жана анын патрондорунун бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин сатып алууга укуктуу. Куралды соодалоодо иштеген юридикалык жактар жарандык жана кызматтык куралды, спорттук уюмдар жана билим берүү мекемелери, спорттук жана аңчылык мылтыктарын, ал эми аңчылык чарбасын жүргүзүүчү уюмдар аңчылык мылтыгын сатып алууга укуктуу. Аңчылык кылууга адистешкен ишканалар аңчылыктын ок атуучу куралын, анын ичинде сай салынган найлуу мылтыктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик корголууга тийиш болгон адамдар кызматтык куралды убактылуу пайдаланууга, ал эми зарыл учурда колдо алып жүрүүчү куралды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте алууга укуктуу. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттер куралдарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатып алышат. Сатылып алынган куралдар ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Жекече күзөт ишканалары, бирикмелер, ишканалардагы күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрү Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте ички иштер органдары тарабынан берилүүчү уруксаттар боюнча курал (ок атуучу сайсыз найлуу, ок атуучу кыска найлуу) сатып алышат. Курал сатып алуу ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипте катталууга тийиш. (КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2003-жылдын 6-мартындагы № 52 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-18)
