# 16-статья. Чет өлкөлүк жарандар тарабынан жарандык куралдын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып алынышы, Кыргыз Республикасына алынып келиши жана Кыргыз Республикасынан алынып кетиши

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205269)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219779..1219780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 16-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-16

---

Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык куралды өздөрү жарандары болуп саналган чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн өтүнүчтөрүнүн негизинде ички иштер органдары тарабынан берилген уруксат боюнча сатып алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен өлкөдөн алар тарабынан чыгарып кеткен шартта, сатып ала алат. Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен толтурулган механикалык бүрктүргүчтөрдү, аэрозолдук же башка түзүлүштөрдү, эстен тандыруучу электр түзүлүштөрдү жана учкун чыгаргычтарды, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Джоулдан ашпаган жана сайы 4,5 миллиметрге чейинки пневматикалык куралды кошуп алганда, чет мамлекеттик жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында уруксатсыз сатып алууга укуктуу. Спорттук жана аңчылык мылтык Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандар тарабынан өлкөгө кирерде милдеттүү түрдө жарнактоо менен аңчылык кылууга лицензиясы бар юридикалык жактын чакырыгы менен аңчылыкка контракты же спорттук иш-чарага катышуу үчүн чакыруусу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын тиешелүү уруксаты болгондо гана алынып келиниши мүмкүн. Көрсөтүлгөн курал контракт же чакыруу тарабынан белгиленген мөөнөттө өлкөдөн чыгарылып кетүүгө тийиш. Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, мергенчилерге теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна өз өлкөсүнүн уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу, бул жөнүндө аңчылыкка контракттарда (келишимдерде) көрсөтүлөт. (Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Чет өлкөлүк жарандар тарабынан куралды Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн жана тартибин, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун тартибинин бузулушу куралды белгиленген тартипте алып коюуга жана конфискациялоого алып келет. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-17)
