# 15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын курал сатып алуу укугу

- Документ: [Курал жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы № 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 09.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451); 25.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458); 10.09.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""](https://aqlex.ai/kg/doc/112292)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/214#diff=1219781..1219782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-201/edition/1219762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курал жөнүндө, 15-статья (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-15

---

Кыргыз Республикасынын 20 жашка толгон жарандары жашаган жери боюнча ички иштер органдарында ушул Мыйзамдын 101-статьясынын талаптарын эске алуу менен куралдын конкреттүү түрүн сатып алууга уруксат алгандан кийин өзүн-өзү коргоо, спорттук жана аңчылык куралын, белги берүүчү куралды жана атылбоочу куралды сатып алууга укуктуу жана эки жумалык мөөнөттө жашаган жери боюнча ички иштер органдарында аны каттоодон өткөрүүгө тийиш. Уруксат Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет жана ошол эле мезгилде ал куралды (өзүн-өзү коргоо үчүн сатып алган ок атуучу куралды кошпогондо) сактоого жана алып жүрүүгө уруксат болуп эсептелет. Куралды сактоого уруксат Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет жана ошол эле учурда, ал куралды (өзүн-өзү коргоо жана спорт үчүн сатып алган ок атуучу куралды кошпогондо) алып жүрүүгө уруксат болуп эсептелет. Куралдын аталган түрлөрү коллекциянын объектиси болгон учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан сатып алынган аңчылык жана (же) спорттук ок атуучу сайлуу куралдын жалпы саны - 3 бирдиктен, аңчылык ок атуучу сайсыз куралдын жалпы саны - 2 бирдиктен жана ок-атуучу өзүн-өзү коргоо куралы - 2 бирдиктен ашпоого тийиш. Уруксат берүүнүн мөөнөтүн узартуу лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик аңчылык кылуу күбөлүгү же спорттук аткычтар уюмдарында мүчө экендигин ырастаган документи бар Кыргыз Республикасынын жарандары спорттук жана аңчылык ок атуучу сайсыз куралды, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген учурларда аңчылык жана спорт менен алектенүү үчүн пневматикалык куралды сатып алууга укуктуу. Жеке менчигинде 5 жылдан кем эмес убакыттан бери аңчылык ок атуучу сайсыз куралы болгон Кыргыз Республикасынын жарандары аңчылык ок атуучу сайлуу куралды сатып алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жарандардын айрым категориялары жана өзгөчө статустагы (укуктук режим менен) аймактарда жашап жаткан жарандар үчүн аңчылык ок атуучу сайлуу куралын сатып алууга башка укуктар жана мөөнөттөр белгилениши мүмкүн. Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен жабдылган механикалык чачкычтар, аэрозолдук жана башка түзүлүштөр, электрдик шок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтары, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 джоулдан ашпаган жана калибри 4,5 миллиметрге чейин болгон пневматикалык курал катталбайт жана Кыргыз Республикасынын жарандары аларды уруксатсыз сатып алууга укуктуу. Аңчылык ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө ички иштер органдарынан уруксат алган Кыргыз Республикасынын жарандары же куралды коллекция кылуу менен алектенген жарандар атылбоочу куралды сатып алууга укуктуу. Конструкциялык жактан куралга окшош, найдын оозунан чыгуу кубаты 3 джоулдан ашпаган буюмдар, пневматикалык мылтыктар, тапанчалар жана револьверлер, калибри 6 миллиметрден ашпаган белги берүүчү куралдар жана алардын патрондору, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча ок атуучу жана газ куралы катары пайдаланууга болбой турган эсептен чыгарылган курал уруксатсыз сатылып алынат жана катталбайт. Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына куралды сатып алууга уруксат берилбейт:

1) ушул Мыйзамда белгиленген жашка толо электерге;

2) курал алууга каршы келген көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык корутунду бербегендерге. Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү оорулардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт;

3) жоюла элек соттуулугу барларга;

4) кылмыш жасагандыгы үчүн жаза өтөп жүргөндөргө;

5) жыл ичинде коомдук тартипти кайталап бузгандарга;

6) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган фактысы боюнча сот актысы барларга;

7) жашаган жери жокторго;

8) куралды коопсуз пайдалануу эрежелери боюнча билими текшерилгендигин тастыктоочу документтерин жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка документтерин ички иштер органдарына бербегендерге.

(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/214/st-16)
