Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууда аныкталган кыргыз жана россия тараптарынын келишимдик милдеттенмелерин аткаруусунун маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 15-ноябры № 691-т 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын газ тармагында узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16, 17-беренелерине ылайык:
1. 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууда аныкталган кыргыз жана россия тараптарынын келишимдик милдеттенмелерин аткаруусунун маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууда аныкталган кыргыз жана россия тараптарынын келишимдик милдеттенмелерин аткаруусун россиялык тарап менен биргеликте комплекстүү карасын.
Жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ өзүнүн ишин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттик коомчулукту ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана эксперттик коомчулуктан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууда аныкталган кыргыз жана россия тараптарынын келишимдик милдеттенмелерин аткаруусунун маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын энергетика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаменттин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122