# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы №702-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы №702-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 702-р
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13928/edition/1290242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы №702-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (17.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213754

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 17-ноябры № 702-т Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан Макмал алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу тиркемеге ылайык берилсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан Макмал алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында участоктун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Y

1

13409720

4564682

2

13413288

4564685

3

13413832

4564021

4

13415116

4564691

5

13416380

4564710

6

13416380

4556175

7

13413493

4556161

8

13413053

4557084

9

13411322

4559756

10

13410837

4562611

11

13410200

4563030

12

13409737

4563591

Аянты 3924 га
