# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-августундагы № 510-т (Сатып алынган жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө көрүлгөн чаралар үчүн Бишкек шаарынын мэриясын бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-августундагы № 510-т (Сатып алынган жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө көрүлгөн чаралар үчүн Бишкек шаарынын мэриясын бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 510-р
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13913/edition/1285530/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213736.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-августундагы № 510-т (Сатып алынган жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө көрүлгөн чаралар үчүн Бишкек шаарынын мэриясын бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө) тескемеси (29.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213736

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 29-августу № 510-т Бишкек шаарынын мэриясына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Бишкек шаарынын мэриясы сатып алынган жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул тескеменин 1-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
