# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 220-т (Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешке жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешине Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 220-т (Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешке жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешине Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 220-р
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13912/edition/1275014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 220-т (Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешке жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешине Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө) тескемеси (01.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213734

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 4-майы № 220-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2010-жылдын 19-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун 2-беренесине жана 1994-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Евразия патенттик конвенциясына ылайык:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;

- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп;

- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук башкармалыгынын начальниги - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
