Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешке жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешине Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 4-майы № 220-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2010-жылдын 19-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун 2-беренесине жана 1994-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Евразия патенттик конвенциясына ылайык:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;
- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук башкармалыгынын начальниги - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б (Мамлекеттер аралык кеңеште жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү…Распоряжение · 04.08.2011 · № 331-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетининин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 220-т тескемесине…Распоряжение · 01.09.2025 · № 746-р
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б (Мамлекеттер аралык кеңеште жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү…Распоряжение · 04.08.2011 · № 331-р
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.