Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Уюштуруу комитеттерди бекитүү тууралуу)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 4-майы № 221-т
2023-жылдын 4-майынан тартып 8-майына чейин Бишкек шаарында гиря спорту боюнча жаштар (U-23) жана чоңдор арасында Азия чемпионатын, балдар жана кыздар (U-16/U-18) жана ардагерлер арасында Азия биринчилигин (мындан ары - гиря спорту боюнча Азия чемпионаты жана биринчилиги), 2023-жылдын 13-майында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында "Run the Silk Road - Shanghai Cooperation Organization" Ысык-Көл эл аралык марафонун (мындан ары - марафон), ошондой эле 2023-жылдын 12-майынан тартып 15-майына чейин Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында бодибилдинг, фитнес жана фитнес-челленжи боюнча Азия чемпионатын (мындан ары - бодибилдинг боюнча Азия чемпионаты) сапаттуу жана өз убагында уюштуруу жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- гиря спорту боюнча Азия чемпионатына жана биринчилигине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 1-тиркемеге ылайык курамда;
- марафонго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 2-тиркемеге ылайык курамда;
- бодибилдинг боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 3-тиркемеге ылайык курамда.
2. Уюштуруу комитеттеринин ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2023-жылга каралган каражаттардын чегинде гиря спорту боюнча Азия чемпионатын жана биринчилигин, марафонду жана бодибилдинг боюнча Азия чемпионатын өткөрүүгө финансы каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги гиря спорту боюнча Азия чемпионатынын жана биринчилигинин, марафондун жана бодибилдинг боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларын медициналык жактан тейлөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги гиря спорту боюнча Азия чемпионаты жана биринчилиги, марафон жана бодибилдинг боюнча Азия чемпионаты өтүүчү жана анын катышуучулары жашоочу жерлерде коомдук тартипти сактоону жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн, ошондой эле марафон өтүп жаткан убакта жолдордун жабылышын камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин күн мурунтан жөнөтүлгөн расмий өтүнүч каттарынын негизинде чет өлкөлүк жарандарга - гиря спорту боюнча Азия чемпионатынын жана биринчилигинин, марафондун жана бодибилдинг боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобого ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөргө каражаттарды алуусуз Кыргыз Республикасынын визаларын жана визалык колдоону тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн компетенциясынын чегинде гиря спорту боюнча Азия чемпионатынын жана биринчилигинин, марафондун жана бодибилдинг боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн, тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди оперативдүү тартипте кабыл алсын, аларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүдө көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук жана даярдоо чараларын көрсүн.
9. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына гиря спорту боюнча Азия чемпионатына жана биринчилигине, марафонго жана бодибилдинг боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну, ошондой эле көрсөтүүнү камсыз кылуу;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна "Манас-2" аэропортунун расмий делегациялар залы аркылуу акысыз негизде ардактуу конокторду - делегаттарды тосуп алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- Бишкек шаарынын мэриясына шаардын көчөлөрүн гиря спорту боюнча Азия чемпионатынын жана биринчилигинин, марафондун жана бодибилдинг боюнча Азия чемпионатынын тийиштүү символикалары бар жарнамалык щиттер менен жасалгалоого көмөк көрсөтүү;
- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына шаардын, райондун көчөлөрүн марафондун жана бодибилдинг боюнча Азия чемпионатынын тийиштүү символикалары бар жарнамалык щиттер менен жасалгалоого көмөк көрсөтүү;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна гиря спорту боюнча Азия чемпионаты жана биринчилиги өтүүчү жайларды үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
1-тиркеме
Гиря спорту боюнча Азия чемпионатына жана биринчилигине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору; Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору; "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Гиря спорту федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Марафонго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору; Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясынын президенти; "Эл аралык марафон дирекциясы" коомдук бирикмесинин директору.
3-тиркеме
Бодибилдинг боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору; Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Бодибилдинг жана фитнес федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.