# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы №348-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 41-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы №348-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 41-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 348
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213720>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13899/edition/1274378/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213720.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы №348-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 41-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (19.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213720

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 19-июну № 348-т Кыргыз Республикасынын Джалал-Абад облусунун Джалал-Абад шаарын тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо үчүн бөлүнгөн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин максаттуу трансферттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 41-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

№

Иш чаралар

Милдеттер

Каражаттардын суммасы

Аткаруу мөөнөттөрү

Күтүлүүчү натыйжалар (индикаторлор)

Каржылоо булагы

Жооптуу аткаруучулар

Бюджетти түзүүчү долбоорлор (320,6 млн. сом)

1

Асфальт-бетон заводун куруу

Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык уюмду тандоо

112,2 млн. сом

2023-жыл

Шаар жолдорун куруу жана оңдоо үчүн асфальт өндүрүү

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги

2

Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу

Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык уюмду тандоо

133,4 млн. сом

2023-жыл

Шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги

3

Балдар үчүн оюн комплексин куруу

Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана балдар үчүн оюн комплексин куруу

75,0 млн. сом

2023-жыл

Балдар үчүн муниципалдык оюн комплексин ачуу

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги

Инфраструктуралык долбоорлор (779,1 млн. сом)

4

Шаар жолдорун капиталдык оңдоо

Көчөлөрдү капиталдык оңдоо:

- В.Ленин;

- А.Пушкин;

- Т.Байзаков;

- Манас;

- Б.Осмонов;

- М.Бабкин;

- Курманбек

731,0 млн. сом

2023-жыл

Шаардын көчөлөрү оңдолду

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)

5

Тротуар жана велосипед жолун куруу

Шаардан "Жалал-Абад" санаторийине чейин 3,6 км узундуктагы тротуарды жана велосипед жолун куруу

35,8 млн. сом

2023-жыл

Шаар меймандары жана тургундары үчүн шарттарды түзүү

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)

6

Шаардын аймагында суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу үчүн скважиналарды куруу жана реконструкциялоо

Техникалык суу алуу үчүн төрт кошумча скважинаны түзүү

12,3 млн. сом

2023-жыл

Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн шарттарды түзүү

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)

Социалдык долбоорлор (890,3 млн. сом)

7

Шаар жаштары үчүн спорттук интернатты ачуу

А.Пушкин көчөсүндөгү № 1 кесиптик лицейди капиталдык оңдоо жана шаардын спорт интернатына багытын өзгөртүү

120,0 млн. сом

2023-жыл

Өлкөнүн түштүк регионунда спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги

8

Инновациялык IT-борборун куруу

Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана Ж.Бакиев көчөсүндө инновациялык IT-борборун куруу

65,3 млн. сом

2023-жыл

Инновациялык IT-технологияларга окууга жаштардын кызыкчылыгын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги

9

Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы корпусун куруу

Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы корпусун куруу

356,0 млн. сом

2023-жыл

Инфекциялык контролдоонун бардык деңгээлине ылайык келген облустук кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин жаңы корпусун ачуу

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ССМ

10

Облустук оорукананын жаңы корпусун куруу

Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана облустук оорукананын жаңы корпусун куруу

252,0 млн. сом

2023-жыл

Облустук клиникалык оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү үчүн жаңы корпусту ачуу

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ССМ

11

Бала бакча куруу

Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана М.Исакулов көчөсүндө 150 орундуу бала бакча куруу

97,0 млн. сом

2023-жыл

Шаардын жашоочуларын бала бакчалар менен камсыздоо маселелерин чечүү

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги

12

Долбоорлорду даярдоо

Долбоордук уюмдарды тандоо

10,0 млн. сом

2023-жыл

Тиешелүү долбоорлор даярдалды

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери

Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)

Жалпы

2000,0 млн. сом

Кыскартуулардын тизмеси:

ССМ

\-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Курулуш агенттиги

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
