Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 19-июну № 348-т Кыргыз Республикасынын Джалал-Абад облусунун Джалал-Абад шаарын тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо үчүн бөлүнгөн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин максаттуу трансферттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 41-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Иш чаралар
Милдеттер
Каражаттардын суммасы
Аткаруу мөөнөттөрү
Күтүлүүчү натыйжалар (индикаторлор)
Каржылоо булагы
Жооптуу аткаруучулар
Бюджетти түзүүчү долбоорлор (320,6 млн. сом)
1
Асфальт-бетон заводун куруу
Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык уюмду тандоо
112,2 млн. сом
2023-жыл
Шаар жолдорун куруу жана оңдоо үчүн асфальт өндүрүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги
2
Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу
Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык уюмду тандоо
133,4 млн. сом
2023-жыл
Шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги
3
Балдар үчүн оюн комплексин куруу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана балдар үчүн оюн комплексин куруу
75,0 млн. сом
2023-жыл
Балдар үчүн муниципалдык оюн комплексин ачуу
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги
Инфраструктуралык долбоорлор (779,1 млн. сом)
4
Шаар жолдорун капиталдык оңдоо
Көчөлөрдү капиталдык оңдоо:
- В.Ленин;
- А.Пушкин;
- Т.Байзаков;
- Манас;
- Б.Осмонов;
- М.Бабкин;
- Курманбек
731,0 млн. сом
2023-жыл
Шаардын көчөлөрү оңдолду
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
5
Тротуар жана велосипед жолун куруу
Шаардан "Жалал-Абад" санаторийине чейин 3,6 км узундуктагы тротуарды жана велосипед жолун куруу
35,8 млн. сом
2023-жыл
Шаар меймандары жана тургундары үчүн шарттарды түзүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
6
Шаардын аймагында суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу үчүн скважиналарды куруу жана реконструкциялоо
Техникалык суу алуу үчүн төрт кошумча скважинаны түзүү
12,3 млн. сом
2023-жыл
Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн шарттарды түзүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
Социалдык долбоорлор (890,3 млн. сом)
7
Шаар жаштары үчүн спорттук интернатты ачуу
А.Пушкин көчөсүндөгү № 1 кесиптик лицейди капиталдык оңдоо жана шаардын спорт интернатына багытын өзгөртүү
120,0 млн. сом
2023-жыл
Өлкөнүн түштүк регионунда спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги
8
Инновациялык IT-борборун куруу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана Ж.Бакиев көчөсүндө инновациялык IT-борборун куруу
65,3 млн. сом
2023-жыл
Инновациялык IT-технологияларга окууга жаштардын кызыкчылыгын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги
9
Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы корпусун куруу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы корпусун куруу
356,0 млн. сом
2023-жыл
Инфекциялык контролдоонун бардык деңгээлине ылайык келген облустук кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин жаңы корпусун ачуу
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ССМ
10
Облустук оорукананын жаңы корпусун куруу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана облустук оорукананын жаңы корпусун куруу
252,0 млн. сом
2023-жыл
Облустук клиникалык оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү үчүн жаңы корпусту ачуу
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ССМ
11
Бала бакча куруу
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана М.Исакулов көчөсүндө 150 орундуу бала бакча куруу
97,0 млн. сом
2023-жыл
Шаардын жашоочуларын бала бакчалар менен камсыздоо маселелерин чечүү
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги
12
Долбоорлорду даярдоо
Долбоордук уюмдарды тандоо
10,0 млн. сом
2023-жыл
Тиешелүү долбоорлор даярдалды
Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери
Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
Жалпы
2000,0 млн. сом
Кыскартуулардын тизмеси:
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Курулуш агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №1-т (2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча…Распоряжение · 10.02.2023 · № 41-р