# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 472-т (2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 472-т (2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 472-р
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213718>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13898/edition/1274078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213718.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 472-т (2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси (14.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213718

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 14-августу № 472-т Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
