# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 458-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 458-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 458-р
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/213717>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-13897/edition/1275082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/213717.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 458-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/213717

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 4-августу № 458-т

"Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун толук ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын атынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
