Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 4-августу № 458-т
"Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун толук ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын атынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64