Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (тартып чейин Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн электрондук колтамга ачкычынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тууралуу) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 7 февраля 2025 года № 66-р (О возобновлении проведения пилотного проекта по внедрению возможности получения гражданами Кыргызской Республики сертификатов ключей электронной подписи удаленным способом)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 66-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-июлу № 408-т
Жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүн кыскартуу жана процесстерди оптималдаштыруу, ошондой эле аларды көрсөтүүдө заманбап техникалык чечимдерди киргизүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- 2023-жылдын 1-августунан тартып 2024-жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн электрондук колтамга ачкычынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымат иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоордун жыйынтыгы оң натыйжа берген учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамганы аралыктан алуусун караган электрондук колтамга чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Пилоттук долбоорду техникалык ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы:
- бир айлык мөөнөттө пилоттук долбоор иштеп жаткан мезгилде электрондук кол тамганын ачкычынын сертификаттарын аралыктан алуунун убактылуу тартибин бекитсин;
- пилоттук долбоорду техникалык ишке ашырууга байланышкан зарыл болгон уюштуруучулук-техникалык чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 66-т (Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамга ачкычтарынын сертификаттарын аралыктан…Распоряжение · 07.02.2025 · № 66-р